Кыргыз CCP

Википедия дан

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы/ орусча- Киргизская Советская Социалистическая Республика

Кыргызстандын 1936-жылдын декабрынан 1990-жылдын ноябрына чейинки расмий аталышы.

Борбору - Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары болгон. 1990-жылы ноябрда Кыргызстандын Жогорку Кеңеши жумурияттын расмий аиталышынан "Советтик" жана "Социалисттик" деген сөздөрдү алып салган. Жумурият тек гана "Кыргызстан Республикасы" деп аталып калган.

1990-жылы 14-декабрда Кыргызстан Республикасынын эгемендиги тууралуу декларация кабыл алынган.

Ал эми 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстан Республикасынын Мамлекеттик көз каранды эместиги тууралуу декларация кабыл алынган.

Иш жүзүндө 1991-жылдын декабрында гана Советтер Биримдиги (СССР) биротоло ыдырап, дүйнө өлкөлөрү Кыргызстандын эгемендигин 1991-жылдын декабрынын соңунан тартып тааный башташкан.


Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Мамлекеттик Гимни.

Кыргызстан[түзөтүү | булагын түзөтүү]

 
Кеңештик Социалисттик Республикалар Бирлиги
Азерй КCP | Армения КCP | Беларусь КCP | Грузия КCP | Казак КCP | Кыргыз КCP | Молдова КCP | Орусия КФCP | Тажик КCP | Түркмөн КCP | Өзбек КCP | Украина КCP