Бедюров Бронтой Янгович

Википедия дан
2023

Бронтой Янгович Бедюров (20.3.1947) - Алтай Эл башчысы, алтай элинен чыккан заманбап жазуучу, акын, публицист, коомдук ишмер. Алтай Республикасынын Эл жазуучусу; Орусия Федерациясынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер; Алтай Республикасынын «Танг Чолмон» орденинин ээси; Алтай Республикасынын ардактуу атуулу.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бронтой (Боронтой) Янгович Бедюров 1947-жылы 20-мартта Орусиянын Онгудай кыштагында туулган. Атасы - алтайлык акын Янги Бедюров.

Горно-Алтайск шаарында алтай улуттук орто мектебинде таалим алган.

1972-жылы М.Горький атындагы Адабият институтун аяктаган.

1972-жылы Москва шаарында СССР ИАсынын Чыгыш таануу институтунун аспирантурасын аяктаган.

Учурда ал Орусиянын Жазуучулар Биримдигинин Башкармалыгынын катчысы болуп иштейт.

2012-жылы 31-майда алтай тектүү улуттун курултайында Алтай Эл башчысы болуп шайланган.

Чыгармачыл ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бронтой алтай жана орус тилдлеринде бир нече китебин жарыялаган.

Айрым дүйнөлүк классиктердин (Антуан де Сент-Экзюпери, Рюноскэ Акутагава, Назым Хикмет, Поль Элюар, ж.б.) чыгармаларын орусчадан алтай тилине которгон.

Ал "Сибир оттору" ("Сибирские огни") журналынын редколлегия мүчөсү.

Кыргызстан менен карым-катнашы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бронтой Кыргызстанда бир нече ирет болуп, ар кыл илимий жана коомдук жыйындарга катышкан.

2010-жылы Алтай элинин көрүнүктүү акыны Бронтой Бедюров Бишкекке жана Таласка келгенде “Алтай-Кай” аттуу белгилүү фольклордук тобунун ырлары жазылган дискти кыргыз боордошторго берип жатып, Ала-Тоодогу кыргыздар көмөкөй менен ырдаганды унутуп калышканын белгиледи.

2010-жылдын соңунда Талас облусуна келгендер: Алтай Республикасынын экономика жана инвестиция министринин милдетин аткаруучу, экономика илиминин кандидаты Сырга Буйдышева (делегация башчысы), аны коштоп Алтай Республикасынын өкмөт башчысынын тышкы иштер боюнча орунбасары Дмитрий Шепель, Маданият министринин орунбасары Наталья Саймина, Россия Федерациясынын жазуучулар союзунун секретары, Алтай Республикасынын жазуучулар союзунун төрагасы, белгилүү акын Боронтой Бедюров болду.

Бронтойдун балдызы, этнограф, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Сынару Алымкулова Кыргызстанда байырлайт. Сынарунун жолдошу Нарынбек Алымкулов да окумуштуу, тарых илимдеринин кандидаты.

Бронтой Бедюров кыргыз-алтай боордоштугу тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Мен Кыргызстанга көп ирет келгем, бажам Бишкекте турат. Көптөгөн жазуучу досторум бар биякта. Бирок расмий түрдө биринчи жолу келдим. Алгачкы жолу Таласка барышым. Манас атанын, (бизде «Алп Манаш» дейт) мен көп жолу баарлашкан улуу Чыңгыз аганын туулган айылы Шекерде болуп, ыйык Манас чокусуна зыярат кылып таазим этип көзүмө жаш тегеренди.

Менин уруум төрдөш болот, көрсө кыргыздын кытай уруусунда да төрдөш уругу бар экен. Жалпы кыргыз менин туугандарымсыңар. Биздин тегибиз бир, тилибиз бир, мына мен кыргызча эле сүйлөп жатпайымбы.

Ошол Манас доорунда биз Алтайда кала берген кыргыздарданбыз. Алтайда Чүй, Каракол деген аймактар жана башка кыргызча аталыштагы көптөгөн жер-суунун аттары бар.

«Коңур түктүү атым калды, Коңгурайда (Эне-Сайда) журтум калды» деп ала-тоолук кыргыз бабалар айтса керек. Эми биздин тарыхый байланышыбызды жаңыртуу үчүн алтай-кыргыз жазуучуларынын тарыхый, көркөм чыгармаларын эки республикада которууну колго алуу зарыл" (2010).

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Алтай Республикасынын Эл жазуучусу
  • Орусия Федерациясынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер
  • Алтай Республикасынын «Танг Чолмон» орденинин ээси
  • Алтай Республикасынын ардактуу атуулу (19.03.2013)
  • ОФ Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин Ардак грамотасынын ээси
  • Орусия сөз таануу академиясынын академиги (Академик Академии Российской словесности)


Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Туңгуч чыгармасы 1966-жылы жарык көргөн.

Алгачкы ырлар жыйнагы 1969-жылы жарыяланган.





Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Литературы народов России: XX в.: словарь / Н. С. Надъярных. — М.: Наука, 2005. — С. 35. — 365 с. — 1100 экз. — ISBN 5-02-010208-3.
  • Зайырбек АЖЫМАТОВ. АЛТАЙЛЫК БОРОНТОЙ ТУУГАН, НАТАЛЬЯ КУДАГЫЙ ЖАНА ЭКИ ЭЛДИН КӨПҮРӨСҮ. - “Жаңы агым”. - 07.01.2011-ж.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]