Далилдер

Википедия дан

Далилдер — жазык, жарандык иштердин, конституциялык сот өндүрүшүндөгү жана административдик укук бузуулар тууралуу иштерди териштирүүдө мааниси бар жагдайлар жөнүндөгү анык маалыматтар. Бул маалыматтар күбөлөрдүн, жабырлануучулардын, тараптардын, үчүнчү жактардын көрсөтмөлөрү жана буюм далили, үн жана көрмө жазуулар, адистердин жана эксперттердин корутундулары менен аныкталат. Жазык процессинде далилдин негизинде кылмыш окуясынын болгону же болбогону, айыпкердин кылмышка катышкандыгы же катышпагандыгы, кылмыштын себептери, айыпкердин жоопкерчилик даражасы, келтирилген зыяндын мүнөзү жана өлчөмү, ошондой эле кылмыш жасоого түрткү болгон жагдайлар аныкталат. Жарандык процессте далилдин жардамы менен сот мыйзам тарабынана белгиленген тартипте тараптардын же ишке катышуучу башка адамдардын койгон доолоруна, талаптарына каршы чыгууга себеп болгон жагдайлардын, ошондой эле иштин туура чечилиши үчүн маанилүү башка кырдаалдардын бар же жок экендигин аныктайт.

 Далилдик мааниге ээ болгон маалыматтар күбө, жабырлануучу, шек саналуучу, айыпкердин, тараптардын көрсөтмөлөрүнөн, буюм далилинен, эксперттин жана адистин корутундуларынан, тергөө жана сот иштеринин протоколдорунан жана башка булактардан алынат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан: энциклопедия