Дыйканчылык тутуму

Википедия дан

Дыйканчылык тутуму – жерди туура пайдаланууга, топурак күрдүүлүгүн арттырууга багытталган технологиялык (агротехника), мелиорациялык жана уюштуруу иш-чаралар комплекси. Дыйканчылык системасы өз ара байланыштуу бир катар элементтерди камтыйт: жерге жайгаштыруу, которуштуруп айдоо, жер иштетүү жана жер семирткич колдонуу системалары, отоо чөпкө, өсүмдүк илдетине жана зыянкечтерине каршы күрөшүү иштери, үрөнчүлүк, топуракты эрозиядан сактоо жумуштары, айрым жерлерде – сугаруу, кургатуу, жерди химиялык мелиорациялоо (гипстөө жана башка), коргоо токой тилкесин тигүү. Дыйканчылык системасынын пайда болушу жана анын алмашылышы коомдук өндүргүч күчтөрүнүн өнүгүшүнө, айрыкча өнөр жай өндүрүшү жана илимий-техникалык прогресске тыгыз байланыштуу. Коомдук өнүгүштүн ар бир мезгилине мүнөздүү өзүнчө дыйканчылык системасы болгон: кул ээлөөчүлүк коомдо – кысыр аңыз жана токой кыркып, өрттөп, айдоо аянт жасоо дыйканчылык системасы, феодалдык коомдо – буулантма дан (үч кезмектүү, талаалуу) дыйканчылык системасы, капитализмдин өнүгүшү менен бирге шаар калкын азык-түлүк, өнөр жайды сырьё менен камсыз кылуу зарылчылыгынан улам жакшыртылган дан жана үрөн алмаштырма дыйканчылык системасы пайда болгон. Бирок айыл чарба өндүрүшүн капиталисттик рыноктун конъюнктурасына баш ийдирүү үрөн алмаштырма которуштуруп эгүү дыйканчылык системасын колдонууга чек коюп, бир өсүмдүк түрүн бир эле жерге кайталап эгүү дыйканчылык системасы басымдуу болгон. Дыйканчылыктын жана дыйканчылык системасынын өнүгүшүнө өндүрүштүк мамилелер активдүү таасир кылат. Илимий жактан негизделген дыйканчылык системасы топурактын күрдүүлүгүн калыбына келтирип жана арттырып турат, түшүмдү жогорулатып, аянт бирдигинен аз чыгым жумшап, көп продукция алууга шарт түзөт. Дыйканчылык системасына өзгөчө түшүнүк катары аныктаманы орус окумуштуусу А. С. Советов «Дыйканчылык системалары жөнүндө» (1867) деген эмгегинде берген. Дыйканчылык системасынын түрлөрү: жөнөкөй, экстенсивдүү, өтмө жана ургаалдуу. Жөнөкөй дыйканчылык системасында жердин табигый сапаты гана пайдаланылып, топурак күрдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча эч кандай иш-чаралар жүргүзүлбөйт, өндүргүч күчтөр төмөнкү деңгээлде болот. Экстенсивдүү дыйканчылык системасы – жөнөкөй системанын өркүндөтүлгөн түрү. Мында дан-чөп которуштуруп айдоо системасына көп жылдык чөп же отолмо өсүмдүктөр киргизилет. Топурактын күрдүүлүгү буулантма жана көп жылдык чөп эгүү жолу менен жөнгө салынат. Өтмө дыйканчылык системасы буулантма дан дыйканчылык системасынын жакшыртылышы менен мүнөздөлөт. Мында көп жылдык чөп же отолмо өсүмдүктүн дан-буулантма которуштуруп эгүү системасы да киргизилет. Органикалык жер семирткич көп колдонулуп, жер жакшы иштетилип, айдоо жер өндүрүмдүүрөөк пайдаланылат. Ургаал дыйканчылык системасына жыш (эгин жана башка) жана жөөккө себилген (пахта жана башка) өсүмдүктөрдү алмаштырып эгүү менен топурактын күрдүүлүгүн жогорулатуу, минералдык жана органикалык жер семирткичтерди жетиштүү өлчөмдө пайдалануу, жерди дыкаттык менен иштетүү, товардык өсүмдүктөрдү эгүү мүнөздүү. Топурак-климаттык өзгөчөлүктөрүн эске алып, ар бир белгилүү аймак (зона) үчүн дыйканчылык системасы иштелип чыгылат. Кыргызстанда ар бир облус жана аймак үчүн ил. жактан негизделген дыйканчылык системасы иштелип чыкан.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1