Молдобай Байказаков

Википедия дан

Байказаков Молдобай [1887, Чүй облусунун, Кемин району, Жаңалыш (мурдагы Сарбагыш) айылы 1943] мугалим. Токмок шаарындагы татар мектебин бүтүрүп (1903), 1916-ж. Үркүндө Кытай жерине эл менен бирге качып барган. Кытайдан өз айылына кайтып келип, мугалимдик ишин уланткан (1917). 1921-ж. Каракол шаарындагы мугалимдик курсту бүтүрүп, Жаңалыш орто мектебинде 1934-ж. чейин мугалим болуп эмгектенген. 1934-жылдан Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Карл Маркс атнындагы орто мектепте мугалим, мектептин директору болуп 1943-ж. чейин иштеген. Эл агартуу тармагындагы ийгиликтери үчүн 1939-ж. Ленин ордени менен биринчилерден болуп сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4