Бальфур декларациясы (1917)

Википедия дан

Бальфур декларациясы (1917) - Улуу Британиянын тышкы иштер министри Ж. Бальфурдун ысмынан аталган. Анда Улуу Британиянын өкмөтү Палестинада «еврей элинин улуттук очогун» түзүүгө жардам берүүгө даяр экендигин билдирген. Кийин бул декларация Франция жана АКШ тарабынаи таанылып, Севр тынчтык келишиминин шарттарына киргизилген. Бириичи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгында Палестинаны башкарууга мандат алуу менен Британия Бальфур декларациясын ишке ашырууга жана Палестинага башка өлкөлөрдөн еврей калкынын келүүсүн колдоого аракеттенген. Бул аракет Палестина аймагында Израиль мамлекетинин түзүлүшү (1948) менен аяктады. Бирок бул декларация палестиналык арабдардын нааразылыгын пайда кылып, еврейлер менен арабдардын ортосунда кагьшышууларга алып келген жана бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келаткан араб-израиль чыр-чатактарына негиз салган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4