Ишрак

Википедия дан

Ишрак (арабча сөзмө-сөз жаркылдоо) – орто кылымдагы мусулман философиясында чындыкты материалдык дүйнө менен байланышсыз карап, аны жанга «кубат берүү» аркылуу интуиция менен түшүнүүнү туюндурган термин. Зороастризм менен неоплатонизм идеяларынын аралашмасы болгон ишрак окуусу орто кылымдагы мусулман өлкөлөрүндө чыгышка гана мүнөздүү деп каралып, логикалык жол менен ойлоого негизделген батыштын (аристотелдик) тааным теориясына карама-каршы коюлган. Ишрак дүйнө, анын бытиеси, кыймыл жана кооздук теңирдин эманациясы деген неоплатондук пикирди да колдойт. Ишрак философиясы толугу менен орто кылымдагы Ж. Чыгыш ойчулу Шихаб ад-Дин Сухравардинин трактаттарында баяндалат (12-кылым).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]