Стрит воркаут

Википедия дан
Screenshot Street workout Kyrgyzstan
Street workout Kyrgyzstan эмблемасы

Стрит воркаут (англ.Street workout ,)- бул таза абада турник,брус,швед дубалдаында же бак -дарактарга оз салмагынды колдонуу менен машыккан заманбап спорт туру болуп саналат.Стрит воркаутта “машыгуу үчүн оор нерсени эмес, денеңди колдон” деген принцип бар. Ал эми стрит воркаут менен машыккан адамды турникмен.воркаутер деп аташат. Воркаут менен шугулданган адамдарды вайбро деп да аташкан. Бул сөз бизче англис тилинен алынган “white brother” сөз айкашынан “ак байке” деп которулат. КМШнын аймагында болсо турникмэн деп атоо кеңири жайылган.

Стрит воркаут сөзү “Street workout” деген сөздөн келип чыккан. “Sreet workout” англисчеден которгондо “көчөдө машыгуу” же“ көчө фитнеси” деген маанини билдирет.

Пайда болуу тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Стрит воркаут спорту АКШда коомдун жакыр катмары жашаган геттолордо пайда болгон. Жаралган мезгилин 2008-жылдар деп эсептешет.Воркаут алгач геттолордо пайда болгондуктан башында гетто воркаут деп аталып келген. Кыргызчага которгондо короодо же көчөдө машыгуу дегенди билдирет ал эми стрит воркаут деп аталгандыгынын себеби англис тилинде стрит бул кочо демек атайын спорт залда эмес эшиктеги ,аянтчадагы турник,брустарда машыгуу дегенди билдирет.Азыркы учурда заман агымы өзгөргөн сайын спорт да өзгөрүп, заманбап спорт түрлөрү пайда болууда. Ааламдашуу доорунда убакыттын тездик менен өтүп жатышы адамдардын залга барып спорт менен алектенүүсүнө көп учурда мүмкүнчүлүк бербей келет. Ошондуктан адам баласы учурдун талабына ылайык нерсени издейт эмеспи. Ошол изденүү менен бүгүнкү коомдо стрит воркаут аттуу жаңы спорт түрү жаралды.

Өнүгүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул спорт түрүнүн жайылышына турникмэндердин өзгөчө стили менен айырмаланган машыгуу учурун видеого тартып, интернетке чыгарылуусу түрткү болгон. Мындай видеонун каармандары эч кандай залы жок эле көчөдө машыккан ,Haniball сындуу жөнөкөй адамдар эле. Учурда алар воркаутка чоң салым кошкон даңазалуу спортчулар болуп эсептелет. Коптөгөн ири мелдештерде калыстык милдетти аркалап келишет. Украина экинчи мекени Стрит воркауттун постсоветтик өлкөлөргө таралышына да жогоруда айтылгандай интернет себепчи. Видеолор аябай кызыгууну жаратуу менен көптөгөн адамдарды спорттун бул түрү менен машыгуусуна тарткан. Алар америкалыктардай базалык түрү менен алектенип тим болбостон, өздөрүнүн фантазиясын кошо башташкан. Мындай өзгөчөлүк айрыкча украин спортчуларына таандык. Эгер Америкада базалык көнүгүүлөрдүн санын көбөйтүүгө басым жасашса, бул жерде андан тышкары санга эмес, техникалык аткарылышына жана жаңычылдыкка аракет жасалган. Натыйжада Украина стрит воркауттун экинчи мекенине айланган. Алсак, 2011-жылы Ригада өткөн Дүйнө чемпиондугунда украиналык турникмэн Евгений Козырь 1-орунду камсыздаган. Кийинки жылы Днепропетровск шаарында орун алган Дүйнө биринчилигинде башка украиналык спортчу Евгений Кочерга чемпион аталып, өлкөсүн ааламга тааныткан. Натыйжада мындай сыймыктуу жетишкендиктер украин жаштары үчүн зор стимул болгон. Ушул күндөрү да Украинадагы оор абалга карабастан стрит воркаут жактан көп иш-чаралар уюштурулуп, жаңы спорт аянтчаларын куруу менен алдыңкы өлкөлөрдүн катарында турат. Үстүбүздөгү жылдын 31-августунда заманбап спорт аянтчасынын ачылышы болду.

Воркауттун түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Воркауттун 2 түрү белгилүү.

  1. 1-багыты гетто воркаут. Мында күч келүүчү көнүгүүлөргө басым жасалат. ,
  2. 2-түрү стрит воркаутта күч менен эле чектелбестен, чеберчилик жана фантазия аркылуу көнүгүүлөрдү иштеп чыгууга басым жасалат.,

Аталган 2 түрдөн тышкары воркауттун жаңыча түрлөрү бар.

  1. 1-багыты урбан воркаут
  2. 2-түрү стрит лифтинг

Урбан воркаут аты айтып тургандай эле шаардын имараттарына асылып машыгуу. Интернетте мегаполистердин бийик имараттарында, мунараларында эч кандай сактоочу каражаттарсыз машыккан адамдарды көргөн чыгарсыздар.Буларды бир чети экстрим сүйүүчүлөр десек да жарашат. Анткени аларга жерде машыгуу канаат алып келбей калган жана дайыма укук коргоо органдары менен пикир келишпестиктерге тушугушат.

Ал эми 2-багыты стрит лифтингде спортчу оор салмактагы нерсени белине байлап алып же тиштеп турникке тартынып машыгат. Демек урбан воркаутта бийик имаратка чыгып кооптуу бийиктикте турганы менен атаандашса, стрит лифтингде оордукту көтөрүү боюнча атаандашышат. Воркаут менен атактуу адамдар да машыгууга өтүштү. Мисалы актер Жейсон Стэтхемдин интернеттеги баракчасынан анын желек көнүгүүсүн аткарган сүрөтүн көрүүгө болот. Воркауттун жаңы көнүгүүлөр менен толукталышына дүйнөлүк атактуу би бойлор салым кошуп жатышат. Атай кетсек, брейк дэнс бийчиси Petair`дин интернетке жарыялаган видеолорунан өзгөчөлүктү байкаса болот. Балким бийчилиер да жаңы багыт жаратар деген пикирге келбей койбойсуң. Эскерте кетсем, турникте түйүнчөктөй түйүлүп, ийилчээктик менен ойногон спортчулар кездешет. Бирок ал стрит воркаут деп ойлосоңуз жаңылышасыз. Ал колумбиялыктардын улуттук спорту жимбарр

Street workout Kyrgyzstan[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Совет мезгилинде улуттун саламаттыгына өзгөчө көңүл бурулган эмеспи. Спорттук залдардан тышкары таза абада машыгуу үчүн ар бир мектептерде спорт аянтчалары курулган. Ушундай шарттар түзүлгөнүнө карабастан турник менен брустарда машыгуу массалык мүнөзгө ээ болгон эмес. Кызыгы ал жерге машыгуу үчүн келгендердин негизин жаш муундун өкүлдөрү эмес, пенсия курагындагы улгайгандар түзө турган. Воркаут жаштарыбыздын таза абада машыгуусуна шарт туздү. Анын бизде жайылышына америкалык атактуу турникмэн Ганнибалдын видеосу түрткү болгон. Ошол видеолорду көрүү менен машыгууну каалаган жаштардын тобу пайда болду. Мунун баары 2009-2010-жыдарга туура келет. Жаңы спорт менен машыккандар социалдык түйүндөр аркылуу ар кандай жолугушууларды уюштуруп, катары акырындык менен көбөйүп отурду. Кыргызстанда бул жаш спорт түрү мамлекеттин жардамысыз жаштардын демилгеси жана ар кандай демөөрчүлөрдүн көмөгү менен акырындан өнүгүп келе жатат. Мекенибизде стрит воркаут боюнча алгачкы мелдеш 2013-жылдын 27-июлунда Бишкекте өткөрүлгөн. Башында воркаут үчүн көчө шартында турник менен брустар колдонулса, азыр спортчуларыбыздын суранычы менен атайын аянтчалары орнотула баштады. Азырынча бизде эл аралык стандартка жооп бере турган воркаут аянтчасы жок. Ошентсе да кыргызстандык турникмэндер колдо болгон, совет мезгилинен мураска калган нерселерди көздүн карегиндей сактоо менен сүйүктүү иштерин улантып келишет.[1]


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Воркаут-аянтчаларды жабдуусунун өзгөчөлүктөрү