Объект программалоосу

Википедия дан

Объект программалоосу, объект багытталма программалоосу – негизги концепциясын объект жана класс түшүнүктөрү түзгөн программалоо үлгүсү (парадигмасы). Объект-багытталма мамиле төмөнкү негизги принциптер топтомун камтыйт. Бардык нерсе объект болуп эсептелет. Эсептөө, бир объект башка бир объектинин кайсы бир аракетти аткаруусун талап кылып, объектилер ортосундагы өз ара аракеттенишүү жолу (берилмелерди алмашуу) менен ишке ашырылат. Объектилер билдирүүлөрдү жөнөтүү жана алуу аркылуу өз ара аракеттенишет. Билдирүү – керектүү аргументтер менен толукталган, аракетти аткарууга болгон өтүнүч (запрос). Ар бир объект эстутумга ээ жана объектилердин жалпы касиетин туюнткан класстын өкүлү (нускасы). Класста объектинин иш мүнөзү (функциясы) көрсөтүлөт. Бир класстын нускасы болуп эсептелген бардык объектилер бир эле аракетти аткара алат. Класстар бирдиктүү дарак түрүндөгү, жалпы тамырлуу, мурастоо иерархиясы деп аталган түзүлүшкө бириккен. Кайрылууда чексиз кайталануулар болбошу үчүн, кандайдыр бир этапта объект ага кайрылган билдирүүнү, программалоо чөйрөсү жана тили сунуштаган стандарттуу системалык объектинин билдирүүсүнө айландырат. Объект программалоосу ири программа комплекстерин иштеп чыгууга багытталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]