Метеорологиялык приборлор

Википедия дан

Метеорологиялык приборлор – метеорологиялык элементтерди ченөөчү жана каттоочу приборлор. Булар ар кандай климаттык шартта колдонууга ылайык ташкан. Аба менен кыртыштын температурасын ченөө үчүн түрдүү метеорологиялык термометрлер, термографтар колдонулат. Абанын нымдуулугу психрометр, гигрометр, гигрограф менен өлчөнөт. Атмосферанын басымы барометр, анероид, барограф гипсометр менен ченелет. Шамалдын ылдамдыгы, багыты анемометр, анемограф, анеморумбометр, анеморумбограф, флюгер менен аныкталат. Жаан-чачында атайын жаанчачын өлчөгүч, плювиограф колдонулат. Күн радиациясы, жер бети менен атмосферанын чагылдырылышы пиргелиометр, актинометр, пиранометр, пиранограф, альбедограф, балансометр, гелиограф менен өлчөнөт. Кардын суу запасы кар өлчөгүч, шүүдүрүм – росограф, көрүнүмдүүлүк нефелометр менен аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]