Метеорологиялык ракета

Википедия дан

Метеорологиялык ракета – атмосферанын жогорку (50 кмден жогору) катмарынын түзүлүшүн (басым, температура, тыгыздык, курам ж. б.), шамалдын багытын, күчүн, ылдамдыгын изилдөөчү аспаптар (приборлор) менен жабдылган учуучу аппарат. Массасы 300–400 кг, 100–150 км бийик көтөрүлө алат. Ар кандай географиялык аймактан (Арктика, Антарктика ж. б.), пункттан (кургактык, деңиз ж. б.) учурат. Атмосферанын температурасы каршылык термометри же эки монометр менен ченелет. Атмосферанын курамын спектрометр менен аныктайт. Топтолгон маалыматтар радио сигнал аркылуу телеметрия станциясына жөнөтүлөт. Шамалдын багытын, күчүн, ылдамдыгын аныктоодо метеорологиялык ракетанын аспап орнотулган бөлүгү парашют менен жерге түшүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]