Этиш

Википедия дан
Испан тилиндеги бир сөздөн турган этиш убакыт (өткөн, азыркы, келечек), адам жана сан жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Ушул маалыматты билдирүү үчүн этишти грамматикалык жактан өзгөртүү процесси конъюгация деп аталат.

Этиш — Заттын кыймыл-аракетин, ал-абалын билдирүүчү сөз түркүмү этиш деп аталат. Этиштер эмне кылды ? эмне кылып жатат? эмне болуп жатат ? кантет ? деген сыяктуу суроолорго жооп берет. Мисалга: Эшмат топ тепти. Айгүл гүлдөргө суу куюп жатат. Булактан суу агып жатат. Айылга жакында барам.

Жөнөкөй жана татаал этиштер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Этиштер түзүлүшүнө жараша татаал жана жөнөкөй болуп бөлүнөт.

Жөнөкөй этиштер – бир сөздөн куралган этиштер. Мисалы: бар, кел, ойно, жаз, тур, оку, кет, кел, жат.

Татаал этиштер – эки же андан ашык сөздөрдөн куралган этиштер. Мисалы: бара кет, ойноп жүр, жазып кет, жыгылып кете жаздадым, ойноп отура бердим.

Этиштин ыңгайлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүйлөөчү адамдын кыймыл - аракетке карата болгон мамилесин билдирген этиштин формасы ыңгай деп аталат.

Этиштин ыңгайлары кыймыл - аракеттин чындыкта болгонун же болуп жаткан абалын, ниетин, тилегин, буйругун, шартын билдирет. Этиштин ыңгайлары бешке бөлүнөт:

1. Буйрук ыңгай: Сүйлөп жаткан адамдын кыймыл – аракетти аткаруу үчүн үч жактын бирине берген буйругун, сунушун, өтүнүчүн, билдирген сөздөр буйрук ыңгай деп аталат. Буйрук ыңгай төмөндөгүдөй жолдор менен түзүлөт:

Негизги этиштер буйрук ыңгайды уюштурат. Мисалы: айт, кел, оку, жаз, бар, бас, тап, бил, ал, ук ж. б. Сөз мүчөлөрүнүн жардамы менен башка сөз түркүмүнөн жасалган этиштер буйрук ыңгайды уюштурат. Мисалы: кайчыла, сана, иште, сүйлө, ойно, башта, жолук, жазыш, жардамдаш ж. б. -сын,- гын, - гыла, - ыңыз, - ыңыздар алы (алык) сыяктуу мүчөлөрдүн жардамы менен түзүлөт. Мисалы: ойносун, баргын, иштегиле, келиңиз, барыңыздар, баралык, жөнөйлүк ж. б.

2. Шарттуу ыңгай: Кыймыл-аракеттин аткарылышы же аткарылбай калышы үчүн тиешелүү шарттын болушун көрсөткөн этиш сөздөр шарттуу ыңгай деп аталат. Шарттуу ыңгайды – са мүчөсү уюштурат. Мисалы: барса, келсе, окуса, жазса, көрсө, ойносо, ж. б. Шарттуу ыңгай төмөндөгүдөй маанилерди билдирет:

Шарттык маанини: Күн жааса, биз барбай калабыз. Күн ачылса, биз жөнөйбүз. Алар кечиксе, мен барбайм. Мезгилдик маанини: Бүгүн кетсек, кайра келбейбиз. Күн чыкса, алп иштер башталат. Өтүүнү, сурануу маанисин: Жакшы окусаңар, тартиптүү болосуңар, көп ийгиликтерге жетесиңер. Барсаң бар, келсең кел. Карама-каршылык маанини: Чоро күтсө, Танабай келген жок. Ал келсе, мен барбайм. Себеп маанини: Согуш бүтсө, жумуш жеңилдеп калар эле. Жакшы колго түшсө, көңүлү курсант болот. Жаман колго түшсө, кор болот.

3. Каалоо - тилек ыңгай: Кыймыл - аракеттин иштелиши, аткарылышы үчүн болгон тилекти билдирген этиш сөздөр каалоо-тилек ыңгай деп аталат.

Тилек ыңгайды – айын (I жак, жекелик санда), - алык (I жак, көптүк санда), - гай эле + жак мүчөлөрү (I, II), - са + жак мүчөлөрү + экен уюштурат. Мисалы: барайын, келелик, көргөй, элем, барса экен, барсам экен.

Каалоо-тилек ыңгай аркылуу берилген кыймыл-аракеттин али иш жүзүнө ашышы, же ашпай калышы сүйлөп жаткан адамга ачык, так болбойт, ошонун ишке ашышын тилейт, каалайт.

4. Максат - ниет ыңгай: Кыймыл-аракеттин иштелиши, аткарылышы үчүн болгон ниетти тилекти билдирген этиштер максат-ниет ыңгай деп аталат.

Ниет ыңгайды - мак, - макчы мүчөлөрү уюштурат. Көбүнчө - мак мүчөсүнөн кийин эле, экен, турсун, тургай, бол, беле, эмес деген сыяктуу көмөкчү сөздөр кошо айтыла берет. Мисалы: Ал бүгүн шаарга кетмек. Мен жакшы окумакмын. Биз кечигип калмак болдук. Элдин сөзүнө караганда, Каныбек мында келмек эмес ж. б.

5. Баяндагыч ыңгай: Кыймыл-аракеттин ошол учурда болуп өткөнүн, болуп жатканын, боло турганын жайынча баяндаган этиш сөздөр баяндагыч ыңгай деп аталат. Мисалы: Шаарга бардым. Шаарга бара жатам. Шаарга барганмын. Баяндагыч ынгай жакты жана чакты билдирет.

Туубаса жана туунду этиштер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Этиш сөздөр тубаса жана туунду болуп, экиге бөлүнөт. Тубаса этиштер уңгу түрдө турат. Мисалы: бар, кел, кет, жүр, бер, отур, оку, жый, кой, тур ж. б.

Туунду этиштер мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат:

-ла: кайчыла, башта, тиште

-а: сана, чене, көзө, жаша

-ар: агар, көгөр, бозор, жашар

-лаш: жардамдаш, достош, кездеш, саламдаш

-кар: башкар, аткар, өткөр, откор

-сыра: уйкусура, кансыра, алсыра

-ы: байы, кеңи, жашы

-каз: атказ, откоз, бүткөз

-ылда: чырылда, бакылда, күпүлдө

-ай: азай, көбөй, муңай, чоңой

Этиштин мамилелери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан адамдын өзү тарабынан иштелгендигин же башка адамдар тарабынан аткарылгандыгын билдирген грамматикалык категория этиштин мамилелери деп ааталат. Кыргызтилинде этиштин мамилелери бешке бөлүнөт:

1. Негизги мамиле: Кыймыл-аракет сүйлөмдүн ээси тарабынан аткарылгандыгын билдирген этиштер негизги мамиле деп аталат.

Мисалга: Замира китеп окуду. Ныязбек жазды десек, кыймыл-аракет башка кишилер эмес Замира, Ныязбек тарабынан гана аткарылды.

Негизги мамиле этиштин өзүнө тиешелүү мүчөлөрү жок, башка мамиле этиштерди түзүүгө негиз болот.

2. Кош мамиле: Кыймыл-аракеттин бир канча адам тарабынан кошулушуп, иргелешип аткарылгандыгын көрсөтүүчү этиштер кош мамиле деп талат.

Кош мамиле этиштерди - ыш (-иш, - уш, - үш, - ш) мүчөсү юштурат. Мисалы: алыш (алышты), жазыш (жазышты), санаш (санашты), иштеш (иштешти), бериш (беришти).

3. Өздүк мамиле: Негизги мамиле этишке - ын мүчөсүнүн уланышы аркылуу жасалып, кыймыл-аракет иштөөчүнүн өзүнө багытталгандыгын же өзү үчүн иштелгендигин билдирген этиш сөздөр өздүк мамиле деп аталат.

Өздүк мамилени - ын (-ин, - ун, - үн, - н) мүчөсү уюштурат. Мисалы: ачын, көрүн, жуун, кийин, жамын, чечин, ойгон, жасан, таран ж. б.

4. Туюк мамиле: Кыймыл - аракеттин өзүнөн-өзү иштелгендей маанини билдирген этиштер туюк мамиле этиш деп аталат.

Туюк мамиле этишти – ыл, (-ил, - ул, - үл, - л) мүчөсү уюштурат. Мисалы: жазылды, ачылды, тосулду, оңолду, жасалды, кесилди, ж. б.

5. Аркылуу мамиле: Кыймыл-аракет буйручунун өзү эмес башка бирөөлөр тарбынан иштелгендигин, аткарылгандыгын көрсөткөн этиш сөздөр аркылуу мамиле деп аталат. Аркылуу мамиле этишти төмөнкү мүчөлөр уюштурат.

-дыр: алдыр, күлдүр, билдир

-гыз: отургуз, жеткиз, билгиз

-кыр: жеткир, жаткыр

-ыр: батыр, житир, өчүр

-коз: бүткөз, өткөз

-ыз: агыз, эмиз, угуз

-т: санат, окут, ойнот

-ыт: коркут, үркүт, жарыт


Негизги жана көмөкчү этиштер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Татаал этиштеги негизги кыймыл-аракетти билдирген этиштер негизги этиштер, ал эми кошумча аракетти билдирген этиштер көмөкчү этиштер деп аталат.

Мисалы: Иштеп жатат (иштеп- негизги, жатат- көмөкчү этиш ), окуп келди (окуп- негизги, келди- көмөкчү этиш ).