Жыгаччылык

Википедия дан

Жыгаччылык - элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү.
Ар бир жыгачтын өзүнүн өзгөчөлөнгөн касиеттерин чеберлер мыкты билишет.
Алардын ичинен өрүк жыгачы катуу келет. Бул темирдин болоту сыяктуу чорт сынма болот. Жыгачтын курчу ушул өрүк, бычакты да майтарат. Эгер ошондой жоондугу бирдей алма жыгачын эки таштын ортосуна коюп урса, ал чорт сынбай, узунунан жарака кетип, кайыштай толгонуп, былчыйып туруп алат. Кыймылда турганда түбөлүктүү, чыдамдуу келгендиктен андан суу тегирмендин барасы жасалат.
Кайың да катуу жыгачтардан болот. Анын сырткы кабыгы кадимки тери менен резинага окшошот. Бирок, алма менен өрүк жыгачтарына караганда мындан кылган колдонмо буюмдар жана идиш-аяктар үч эсе оор келет. Тал орточо катуулуктагы жыгач. Бутактары аз болуп, ага көркөм оюм-чийим түшүрүү да оңой.
Өрүк-жыгачтын эң көркөмү. Бетине чабылган алтын-күмүш шөкөттөрүнө өзүнүн жердиги айкалыша түшөт. Өрүктүн өз өңүн буруш үчүн илгери чеберлер чекенди, арча, четинди сыяктуу түтүнү «ачуу» өсүмдүктөрдүн күлүн сыйпоочу. Адегенде кургак күлдүн өзүн да, анан аны сууга чылап чайкап, өрүктүн өңүн бурушкан. Азыркы чеберлер ага акиташ сыйпайт. Ошондой эле өрүккө май сыйпап, отко койсо, ал кызарып, улам майды сиңирген сайын өрүк каракочкулдана, күрөң өндөнөт. Бирок, комуздун үнүнө мындай ыкма тескери таасир этет. Шилби өтө катуу болот. Анын жекече касиети анча байкалбагандыктан мындан чүлүк, үзөңгү сыяктуу гана аз санда буюмдар жасалган.
Табылгы-жыгачтын эң катуусу. Даана кургаган ага бычак да, араа да өтпөйт. Өзүнүн атайын боеп койгондой, такыр өзгөрбөгөндөй түбөлүктүү өңү бар. Ошондуктан, табылгыдан камчыга сап, кыяктын жаасы жасалат.
Жыгачтын касиеттерин чеберлер бөлүп карашат. Жыгачты кургатууда жана сактоодо табигый түрдө (жак боюнча) кургатуу, кыкка көмүү, кайнатуу, кабыгы менен, кабыгын аарчып кургатуу, күндө жана көлөкөдө кургатуу өңдүү жолдору бар. Жыгачтарды жик боюнча жарууда анын түндүк, түштүк, батыш, чыгыш тараптарын чеберлер эске алышат. Чеберлердин жыгачтардын морттугун, борпоңдугун, чымырдыгын, катуулугун, чарымдуулугун, бутактуулугун, чайырдуулугун, майлуулугун карап, ошого карата буюмдар жасалат.
Ооба казык учтайбы, ийикке сап кылабы, сабоо кыябы, токмок чабабы, түпкүч ийеби — баары бир жыгаччынын колунан өтөт.
Жыгач буюмдары жашоо-турмуш ыңгайына карата: боз үйдүн жыгачы (сөөгү), тиричилик эмеректери, ашкана жана аземдүү буюмдар болуп төрткө бөлүнөт. Ар бир жыгачтын өзүндө жекече иштетүү касиети бар. Мисалы, карагай, кайың, липа, алма, кара жыгач, өрүк өңдүүлөр ич ара айырмаланышат.
Карагай, кайың сыяктуулардын табияты иштетүүгө жеңил болот. Булардын бетине оюм-чийим түшүрүү да оңойдой туюлат. (алма, кара жыгач болсо күйгүзүү аркылуу кооздук түшүрүүгө оңтойлуу жердик.) Алма менен өрүк жыгачынын структурасы мыкты болот. Жыгачты чабуу менен кургатуунун сырларын да чеберлер мыкты билишет. Кургатуу — жыгач буюмдарынын табы, кеминде жыгач эки-үч жылы көлөкө жайда жатуусу. Ошондо аны иштетүү шарттуу келет. Төрт жыл жаткан жыгач андан бетер жакшы болот. Мында буюм баштапкы абалын сактап турат. Кээде эки-үч ай кургаса эле иштете баштайбыз. Мындай шартта бара-бара жыгачтан шек кетпей койбойт.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)