Каада-салт ырлары

Википедия дан

Каада-салт ырлары - кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгындагы өз алдынча салттуу жанр. Негизинен үч чоң топко бөлүнөт, алар өз ара бир канча түрлөргө ажырайт.
1) Үйлөнүү үлпөтүнө, бүлөчүлүккө байланыштуу ырлар: той баштаар, токмок салуу-жар көрүштүрүү, жар-жар, көрүшүү, келиндин бетин ачуу, отко киргизүү, бешик ыры.
2) Үрпадат ырлары: нооруз, жарамазан, ырым-жырым (эм-дом), алкоо, бата-каргыш.
3) Жоктоо ырлары: керээз, угузуу, кошок, көңүл айтуу. Мындан башка жар чакыруу, саламдашуу, коштошуу сыяктуу салттык ырлардын башка да түрлөрү бар.

Каада-салт ырларынын багытына, мазмунуна карата аткарыла турган орду жана жанрдык мүмкүнчүлүгүнө ылайык көтөрө турган социалдык-турмуштук, көркөм эстетикалык жүгү болуп, салт-санаалык жөрөлгөлөр менен коштолуп аткарылат. Саламдашуу, коштошуу, жар чакыруу, каргыш, алкоо-бата (к. Алкыш) сыяктуу түрлөрү “Манаска” да кирип, эпостун жанрдык табиятына ылайык баатырдык темага баш ийдирилип, чыгарманын идеялык-мазмундук өзөгүнө сиңип кеткен. Айрыкча керээз, угузуу, көңүл айтуу сыяктуу жоктоо ырларынын эпоско киришин чыгарманын мазмундук өзөгүндө орчундуу орунду ээлеп, чыгарманын идеясын тереңдетип угуучуларга жеткирүүдө, көркөм, эстетикалык таасирин арттырууда л зор. Дегеле манасчылардын К.-с. ы-н пайдалануусу жөн жай кооздук же ар түрдүүлүк үчүн эмес, белгилүү бир чыгармачылык максатты көздөйт. Бул же тигил окуянын маңызын ачып, эмоциялуулугун арттырууга, турмуштук көрүнүштөрдү көтөрүңкү эпикалык-баатырдык маанайда баяндоодо пайдаланылат. Мындай жагдай кандайдыр бир деңгээлде салттык ырлардын жанрдык табиятынын жаңыланышын аныктайт. Саякбай Каралаевдин варианты нда Манас баатырдын Алмамбет , Сыргак, Чубак баштаган чоролорунун теңдешсиз кармашта шейит болгонун элге, алардын жесирлери Арууке, Бирмыскал, Бурулчага өкүрүп ыйлап угузуп турганы армандуу жоктоосу, жесирлердин муң-зары жана айкөлүнөн ажырап, жалгыз уулу Семетейди каякка качырып баш калкалатарын билбей жан алакетке түшүп турган Каныкейдин армандуу кошогу, эл атасы Кошойдун Манасты жоктоосу, Алмамбет менен Манастын армандуу керээзи жогорку көркөмдүктө, терең психологизм менен берилген. Философиялык терең мазмунга ээ Көкөтөйдүн керээзи (Сагымбай Орозбаковдун вариантында) да угуучуларды кайдыгер калтырбайт. Бирок, “Манастын” бардык эле варианттарында К.-с. ы-нын алган орду, көтөргөн жүгү бирдей эмес. Ал ар бир манасчынын талантынын күчүнө, чыгармачылык баамынын кеңдигине жараша ишке ашат. Мисалы, Радлов жазып алган вариантындагы К.-с. ы-нын стили турмуштук ырларга көбүрөөк жакын болуп, баатырдык тема ачык көрүнбөйт. Бул Манастын өлгөнүн (биринчи өлүшүн) Алмамбеттин Жакып канга угузуп турган жеринен, Манастын керээзинен көрүнөт. Тескерисинче Саякбай Каралаевдин варианты нда жоктоо ырлары күчтүү айтылып, салттык ырлардын чегинен чыгып, баатырдык эпостун табиятына баш ийдирилип, багыты, стили жаңыланган. Буга Саякбай Карала уулунда Манастын Алмамбетти жоктоосу ачык күбө. Мисалы, Алтын айдар чок белбоо
Алмамбет достум, ала жат,
Колоттогу карагат,
Кол кармашып кеткенге
Кокуй күн Алмам, ала жат сыяктуу салттуу ыр саптарын баатырдык эпостун салмагын көтөрө турган:
Алакем, кара жаак айбалта
Кайкалатпай ким аштайт?
Каран түн түшкөн Бээжиндин
Кадимки жолун ким баштайт? өңдүү ыр жолдору менен бекемдеши чыгармадагы баатырдык идеяны тереңдетет.
Армандуу ыргакта айтылган Кошойдун Манасты жоктоосу да баатырдык теманы тереңдетип, көркүнө чыгарат. Кошой Манастан мурун өлбөй, айкөлдүн артында калганына, башчысыз калган кыргыздын тагдырына жаны кейип, аңгырап ыйлап, муңдуу жоктойт: Манасым, кара жаак айбалта
Кайкалатпай ким аштайт?
Алакандай журтумду,
Муну капа кылбай ким баштайт?
Долоно саптуу айбалта
Толгондурбай ким аштайт?
Тозок келсе кытайдан
Береги толкуп жаткан журтумду
Тополоң кылбай ким баштайт (Саякбай Каралаев, 2.246). Каныкейдин кошогу да кадимки салттуу поэзиянын нугунда айтылат: “Кара чачы жайылып, кандуу бети жыртылып”, кара кийип кайгыга баткан кан баатырдын жесири асылынан айрылгандагы армандуу күйүтүн кошокто чагылыштырат. Саякбай Каныкейдин күйүтүн төрт сап ырда эле апыртуу ыкмасы менен таасын тартат. Айкөлүнөн ажыраган Каныкей “тарак тийбес кара чачынан” жулуп ыргытканда “тал-тал токой бүтөт”, көз жашынан “дайра болуп кара суу агат”. Бирок, кантсе да кошокто аялдын жеке кайгысына караганда баатырдын артындагы туягы жаш, башчысыз калган кыргыз калкынын тагдыры, келечеги жөнүндөгү ой, ата журт темасы алдыңкы катарга чыгат:
А дүйнө кеткен сен болдуң,
Азапты тарткан мен болдум.
Береги кара жаак айбалтаң,
Кайкалатпай ким аштайт?
Сурап ичсе тойбогон,
Сугалагын койбогон,
Аргын кыргыз элиңди
Тополоң кылбай ким баштайт? (Саякбай Каралаев, 2.249).
Эпосто өз орду жана чыгармачылык чеберчилик менен колдонулган жоктоо ырлары окуянын кульминациялык чегин, башкача айтканда жалпы кыргыз журтчулугунун башына күн түшүп тургандыгын угуучулардын сезимине жеткирүүдө зор роль ойнойт. Эпосто берендерден ажырап, казаттан кайгылуу кайткан Манаска Каныкейдин көңүл айтуусу кадимки каада-салт ырынын нугунда, салтында түзүлгөн. Мазмуну, формасы жагынан элдик көңүл айтуу ырына жакын. Саякбай Каралаевдин варианты нда окко учкан чоролорунун сөөгүн жерге тапшырып, алапайын таппай жер жаңыртып, өкүрүп турган Манаска Каныкей нускалуу сөз таштайт. “Телегейи тең да өтүп, ааламды гана бузган шер да өтүп” дүйнөгө түркүк болгон адамдын жоктугун, Чубак, Сыргак, Алмамбет айта берсе түгөнбөс асыл эрлерден экендигин баяндай келип:
Эчен бир дөбө жер өткөн,
Баатыр ай, ал эмес атабыз Адам тең өткөн.
Өткөнгө өксөгөн менен айла жок,
Кеткендерге кейиген менен пайда жок (Саякбай Каралаев, 2.225),— деп, баатырдын көңүлүн жубатат.
К.-с. ы-нын байыркы түрүнөн болгон керээз (Көкөтөйдүн, Алмамбеттин, Манастын) көпчүлүк манасчылардын репертуарынан орун алса да, ар бир вариантта ар кандай көлөмдө, ар башка көркөмдүк деңгээлде, мазмундук айырмачылыктары менен айтылат (к. Керээз). Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көкөтөйдүн керээзи лирика-эпикалык деңгээлге көтөрүлсө, Саякбай Каралаевдин варианты нда Манастын керээзи көлөмдүү, мазмундуу жана көркөм айтылып, эпостун корутунду бөлүмүнүн окуясынын өнүгүшүндө ролу чоң. Радлов жазып алган вариантта Манастын бир уядан жалгыздыгына басым жасалып, керээз турмуштук эпостун стилине жакыныраак айтылат.
“Манаста” алкыш-бата, каргыш, ант берүү сыяктуу байыркы каада-салттык ишенимдерге байланыштуу түзүлгөн афоризмдик курулмалардын поэтикалык формалары кеңири орун алып, эпостун табиятына ылайык көбүнесе баатырдык мүнөз алып, алардын жанрдык мүмкүнчүлүгү бир топ кеңейген. Мисалы,
Кабылан болгун, шер болгун,
Казына мүлкүң тең болсун,
Касташкан жооң кем болсун.
же
Ок өтпөгөн тондуу бол,
Ок жетпеген аттуу бол.
же
Жолуң кыдыр шар болсун,
Жолдошуң кызыр эр болсун,
Телегейи тең болсун,
Теминишкен душманың
Теги кырылып, кем болсун жана башкалар.
Кан Кошойдун Каныкейге берген батасында айтылыш формасында, структурасында салттуулук толук сакталгандыгына карабастан, айрыкча Саякбай Каралаевдин варианты нда батанын багыты, мазмуну бир топ кеңейип, көркөмдүгү арткан:
Бу Семетей эр болсун,
Кара кулак шер болсун,
Эңкейиштен эр сайсын,
Эченди катар бир сайсын!
Телегейи тең болсун,
Теңиз Манас тукуму
Атасындай шер болсун!
Белеске күйгөн от болсун!
Бет алган душман жок болсун (Саякбай Каралаев, 2. 46).
“Манас” эпосунда саламдашуу, коштошуу сыяктуу К.-с. ы. негизинен чыгарманын мазмундук өзөгүнө сиңип, каармандардын өз ара пикир алмашуу, сүйлөшүү каражатына айланып, стили да ошого ылайыкташып кеткен. Айрым учурда салттык саламдашуу ырлары эпостун каармандарынын кулк-мүнөзүнө, пикир алмашуунун багытына ылайык поэтикалык мүнөз алып, байыркы формасын сактап калган.
Урааның ким, дайның ким?
Уругуң ким, айлың ким?
Тукумуң ким, дайның ким?
Балам, туура чыккан айлың ким?
Балам, киндигиң кескен жериң ким?
Балам өнүп өскөн элиң ким? (Саякбай Каралаев, “Семетей”, 1.226).
Жар чакыруу — салттык ырдын калк арасына кеңири тараган түрлөрүнүн бири. Манасчылардын көпчүлүгүнүн репертуарынан орун алып, Көкөтөйдүн ашында чабыла турган тулпарлар, аштагы оюн-зооктун сыпатталышы, жеңүүчүлөргө берилүүчү байгелер жөнүндө кабарлоо өзүнчө бир социалдык, таанытуучуэтнографиялык жана эстетикалык мааниси бар көркөм дүйнөнү түзөт (к. Жар чакыруу).
Эпостун идеялык-мазмундук, поэтикалык системасында К.-с. ы-нын ээлеген орду, көтөргөн жүгү ачык көрүнүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4