Барт (аюу)

Википедия дан
Барт аюу
Bart the Bear
Түрү:

Күрөң Аюу кадьяк түрү

Жынысы:

Эркек

Туулган датасы:

19 -январь 1977(1977-01-19)

Туулган жери:

Балтимор, штат Мэриленд, АКШ

Каза болгон датасы:

10 -май 2000(2000-05-10)

Каза болгон жери:

Парк Сити, штат Юта

Өлкө:

 АКШ

Кожоюну:

Дуглас Сус

Жумуш түрү:

Актёр

Активдүү жылдары:

1981-2000

IMDb:

ID 1075976

http://bartbear.tripod.com

Барт аюу (англ. Bart the Bear) - Голливуддагы атактуу жаныбарлардын бири. Ал «Аюу», «Ак азуу», «Күз уламышы» сыяктуу тасмаларга тартылып, Стивен Сигал, Брэд Питт өӊдүү актёрлор менен тасма талаасында «кесиптеш» болгон. Аюу-актёр өзүнүн 17 жылдык чыгармачылыгында 12 толук метраждуу тасмага көрк кошуп, кожоюну Дуглас Суска 6 миллиондон ашуун доллар киреше таап бергенге үлгүргөн. Айта кетсек, 70-ирет «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземинде Барт сахнага жеӊүүчүнүн ысымы жазылган жыгач конвертти тиштеп чыкканда алпаруучу Майк Майерс анын жанына баруудан коркуп, айласы куруган. Тилекке каршы, Барт 2000-жылы 23 жашында өзү тууралуу тасмага тартылып жатканда оорудан өлгөн.

Фильмографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Zoo-stub