Юмор

Википедия дан

Юмор (анг. – суюктук) – адамдардын мүнөзүндөгү, иш-аракеттериндеги айрым көрүнүштөрдү тамашага алуу, күлкү чыгаруу. Эгер сатирада автордун идеалына карама-каршы көрүнүш сынга алынса, юмордо идеалга каршы келбеген нерселер да жеңил күлкүгө алынат. Юмор ар кандай жанрдагы чыгармаларда учурай берет. Мисалы:

«

Ага-ини, дос-тууганы, жолдоштору -
Мындагы “Көк – Бел” аттуу колхоздогу,
“Э оён кыйратарсың”... деп күлүшүп,
“Аман бол” кайран Бакем” дешкен болду.
Турмуштун арзан баалуу бир затындай,
Эч кимге билинген жок анын жогу...

А.Осмонов

»

Акын мында өзүнүн каарманынын мүнөзүндөгү бир көрүнүштү юмордун жардамы менен көрсөтүп жатат. Ал эми Т. Сыдыкбековдун “Тоо арасында” романынын каарманы Ыйманбай өзүнүн күлкү келтирген юмордк жүрүм – туруму менен көзгө көрүнөт. Юмор Т. Сыдыкбеков, Б. Сарногоев, К. Маликов, А. Убукеев, Р. Шүкүрбеков, М. Алыбаев, Т. Абдумомунов, К. Каимов. М. Борбугулов, Э. Ибраев, М. Турсуналиев, Ж. Алыбаев, К. Жапаров сыяктуу жазуучулардын чыгармаларында көп учурайт жана ал образдар адамдарды оң сапаттарга тарбиялоодо көмөк көрсөтөт.

"Манастагы" юмор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Юмор (лат. humor — тамашка, азил маанисинде) — жеңил, жайдары күлкүлүү мыскыл менен сүрөттөө ыктарынын бир түрү. Ю. сатира, ирониядан көңүл ачар күлкү чыгарып, кишиге жагымдуу таасир эткени менен айырмаланат. Ю-дун элементтери манасчылардын бардыгында бар, өзгөчө Сагымбай Орозбак уулунун айтуусунда арбын. Мисалы, Карабөрккө көзү түшүп калган Манас аны ала элек жатканда эле атасына күйөө бала сыяктуу ызат көрсөткөндүгү үчүн Бакай шакаба кылат. Каныкейге куда түшкөндөгү ат чабышта Манас Аккула менен эң акырында келет. Ошондо Каныкей Манаска утурлай чыгып күлкү менен какшык мүнөздө тамаша жөнөтүп: «Күлүк экен атыңыз», — деп аттан түшүрүп алат. «Манас» эпосунда кала берсе Манастын өзүн күлкү кылууга да жол берген. Манастын кырк чоросу кээде Манастын өзүн да мыскылдайт. Мындай мыскыл Семетей эпосунда да бар. Зордук менен Айчүрөктү алам деп келген Толтой Семетей эмес Күлчородон качып бара жатканда Айчүрөк мунаранын үстүнөн жайдары күлүп айрөктөп:

«

Тогуздагы баладан
Томпулдап качып алгыча,
Тоодой Толтой өлсөңчү!
Кыямат жүзүн көрсөңчү!
Баатыр сендей болобу
Бапылдаган бадирек
Сени баатыр деген оңобу?!

»

— деп мыскылдайт. Ю. эпосто Манастын, анын чоролорунун же душмандарынын кулк-мүнөзүнө, иш-аракетине жараша берилет.

Жакып куда түшүп Караканга барганда Жакыпты качыруу үчүн Каракан эсеп жеткис мал, дүйнө, ал гана эмес «жолборстон берсин жетини», «шерден берсин экини» деп калың салат. Манас баатыр тоо-таштагы жапайы жандыктарды Букарга сүрүп барат. Жырткыч жаныбарлар шаарды тебелеп кете турган болгондо айласы кеткен Каракан кайра жалына:

«

Коркуп калдым жанымдан,
Өлтүрөт деп тебелеп
Айдап келген малыңды,
Айдап кеткин аныңды,
Кагылайын бай Жакып
Коё көргүн жанымды

Сагымбай Орозбаков, 2. 261-б.

»

Күрөшкө түшөр алдында Кошой боюмдун курушканын жазып бергиле деп жатып берет. Анын жонуна а дегенде эле алты, анан тогуз, анан он алты киши чыгып белин тебелейт. Аны көргөн Каманбек калмактарга мындай деп барат:

«

Күжүңдөгөн бурутту,
Дүнүйөдө көрбөдүм,
Мындай арсыз журутту.
Чалынын шору катты деп
Өзүлөрү тепкилеп
Өлтүргөнү жатыр деп

Сагымбай Орозбаков, 3. 217.

»

Ю. эпосто каармандардын, алардын иш-аракети, кулк-мүнөзүнө жараша берилет. Алар Ороңгунун опсуздугуна, ачкөздүгүнө жараша же Кыргылчалдын жолдо жүрө албай калганы, он башы Тазбайматтын он адамдын ичинен Манасты унутуп калганы жумшак Ю. менен баяндалып күлкүгө алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4