Алиев Мирмуханбек Бообекович

Википедия дан

Алиев Мирмуханбек Бообекович (2. 5. 1956-ж. туулган, Панфилов району, Орто-Кайырма кыштагы) - мамлекеттик жана коомдук ишмер.

Мамлекеттик 2класстагы кеңешчи. Кара-Балта шаарынын жана Жайыл районунун ардактуу жараны. Фрунзеде политехника институтун бүтүргөн (1978).

Эмгек жолун Калинин ПМКсында жумушчу, кийинчерээк прораб болуп баштаган. 1980-86-жылдары «Чүйзапводстрой» трестинде ага инженер, Кара-Балта килем комбинатынын директорунун курулуш боюнча орун басары, ошол эле жерде директордун орун басары, 1986-97-жылдары Калинин РАПОсунда жетектөөчү инженер, «Чуйзапводстройдо» II категориядагы инженер, Калинин районунун башкы архитектору болуп иштеп келген.

1997-98-жылдары Жайыл райондук администрация башчысынын орун басары, 1998-2002-жылдары Мамлекеттик бажы комитетинин Бишкек бөлүмүндө башкы инспектор, Жайыл районунун башкы архитектору болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин № 43 Алыкул шайлоо округу боюнча Суусамырдан эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп шайланган (2002OS). 2008-ж. Бишкек мэриясында Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы жана анын 1-орун басары, 2009-жылдан Чүй облусундагы Панфилов райондук администрациясынын башчысы - акими болуп иштөөдө. «Жайыл Ата» коомунун төрагасы.

Чүй облустук администрациясынын Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комитетинин ардак грамоталары менен сыйланган. Суусамыр өрөөнүндөгү калктын аяр катмарына жана мектепке (өзгөчө Тунук орто мектебине) жардам берип келет. Кожомкул кыштагындагы мектептин жаңы курулушуна мамлекеттен каражат бөлдүрүп, планга киргизүүгө түздөн-түз кийлигишип чечкен. Кызыл-Ой кыштагындагы суунун дамбасын курууга көмөктөшкөн. Кара-Балта шаарынын ардактуу атуулу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9