Тилебалиев Алмасбек

Википедия дан

Тилебалиев Алмасбек (1932, Кызыл-Ой кыштагы -2003, Бишкек ш.) - мамлекеттик кызматкер, коомдук-саясий жана дипломатиялык ишмер.

Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн (1954). Республикадагы карьердик 1-дипломат.

Республикалык маанидеги персоналдык пенсионер. Эмгек жолун Ак-Талаа районундагы орто мектепте француз тили мугалими болуп баштайт. 1956-59-жылдары Ак-Талаа райондук комсомол комитетинин 1-катчысы, 1959-62-жылдары Москвадагы СССР Тышкы иштер министрлигинин астындагы дипломатиялык жогорку мектептин угуучусу.

Андан соң 1966-жылга чейин Пакистандагы СССР элчилигинде, 1966-69-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде министрдин жардамчысы, генералдык катчы болуп эмгектенген. 1969-71-жылдары Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин пропаганда жана агитация бөлүмүндө сектор башчысы, 1971-75-жылдары Индиядагы СССР элчилигинде эмгектенет.

Андан кийин 1975-84-жылдары Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинде эл аралык байланыш жана информация боюнча сектор башчысы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде министрдин орун басары болуп эмгектенген. Дипломатиялык иштен кеткенден кийин Фрунзедеги «Кыргызинтурист» бирикмесинин башчысы болуп иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан. Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык иштерди өнүктүрүүдөгү кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин грамотасы жана Ардак грамоталары менен сыйланган. Бош убагында ыр жазган.

«Индия элестери» (1993) деген ыр китеби бар. Жолуке уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9