Тарган

Википедия дан

Тарган (Targan) - Кыргыз каганатындагы жогорку мамлекеттик башкаруу титулу (VI- XIII кк.), бийик таасирдүү кызмат даражасы, наамы, коомдогу өзгөчө укуктарга ээ болгон аскердик катмарды (кыргыз коомундагы өзгөчө социалдык катмар) аныктаган.

Бул термин же башкаруу институту кийинчерээк Чынгыз-хан жана анын мураскорлору түптөгөн мамлекеттик-башкаруу тутумунда (XIII-XIV кк.) да кабыл алынып, колдонулгандыгы маалым.

Кыргыз тилинде:

  • 1. Согуштук куралдарды жасоочу уста;
  • 2. Өтмө мааниде: Ардактуу, касиеттүү, ыйык, кадырлуу, сыймыктуу дегенди туюнтат.

Монгол тилинде төмөнкү маанилерде чечмеленет: Дархан.

  • 1. Уста, устакана; Дархан
  • 2. Ыйык, аяр, кол тийбес;
  • 3. Тарых. Мамлекеттин алдында аткарылуучу ар кандай милдеткерликтен бошотулган эркин адам.

Бул мамлекеттик башкаруу титулу, бийлик мансабы кыргыздарда эрте орто кылымдардан эле белгилүү болгон.

Сужи-Давандагы (азыркы Монголия) кыргыз жазуу эстелигинде:

«...Мен кыргыз баласымын, буйрукмун, Бойла Бага Тарганмын...» — деген маалыматтар бар. Бул титул Түрк каганатында да (VI-VII кк.) белгилүү болтан. Кыргыз кагандарынын оргөөсү жайгашкан Уйбат өрөөнүндөгү (Хакасия) үчүнчү кыргыз эстелигинде: «...Теңирим жалгады (колдоду), калың журтуму, үч уулуму көрбөдүм, мен Тархан Саңгунмун, мен Эл-Чур (Чор) элинин пайдасы үчүн күрөштүм...» - деген маалыматтар бар. Дархандар (тархандар) орто кылымдардагы монгол хандарынын са- райында «кол тийбес укугуна ээ болушкан».

Байыркы турк доорунда темир уста бир эле учурда шамандык жана кагандык милдетти аткаргандыгын аныктаган фактылар бар. Бул мисал темир устанын коомдогу ээлеген ордун чагылдырган. «Манас» эпосунда Даркан деген эпизоддук кейипкер, белгилүү уста баяндалат.

Эпостун айрым варианттарында Манас үчүн Даркан ак болоттон кылыч жасап берет. Тарган - таанымал чыгыш таануучу Э.Пуллиблэнктин пикиринде титул катары эзелки хунну доорунан эле белгилүү болтан. Чындыгында эле, Кытайдын Хан династиясынын доорундагы хуннулардын «шаньюй» титулу кытай транскрипциясындагы «Targan» маанисине дал келет. Демек, «тарган» (Targan) термини оболу «уруу бирикмесинин башчысы», «мамлекеттин жетекчиси» маанисин туюнтушу ыктымал. Жогоруда келтирилген айрым мисалдардан «дархан» сөзүнүн баштапкы мааниси «эркин», «кол тийбес», «милдеткерликтен бошотулгандар» дегенди түшүндүрөт деген тыянакка келүүгө болот. Демек, бул термин байыркы кыргыз коомундагы салыктан бошотулган, каганга жакын, эркин аскер адамдарынын өзгөчө катмарын, туруктуу аскер бөлүктөрүнүн мүчөлөрүн түшүндүргөн. Дархан - Ысык-Көл кылаасындагы айылдын аталышы катары да маалым.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8