Саясий платформа

Википедия дан

Саясий платформа - партиялардын саясий практикасы негизделген жана алардын саясий программаларында такталуучу бир катар жалпы жоболор; коомдо өкүм сүргөн негиздүү коомдук-саясий агымдар.

Бүгүнкү күндө төмөнкүдөй негизги агымдарды бөлүп караса болот: консерватизм жана анын азыркы күндөгү модели — неоконсерватизм, неолиберализм; социал-демократизм; коммунизм; конфессионалдык мүнөздөгү саясий жана коомдук агымдар.

Бир катар саясий партиялар негиздеген адаттагы консерватизм согуштан кийинки жылдарда дүйнөдөгү жана коомдо болуп өткөн өзгөрүүлөрдүн натыйжасында өзүнүн көптөгөн баалуулуктарынын кризисине учураган. Либералдык рыноктук баалуулукту, принциптерди жана ой жүгүртүүнү сиңирип, ошол эле мезгилде адам жана алар тарабынан түзүлгөн саясий институттар акырына чейин жакшыртылбаган, алардын кемчиликтери жоюлбайт, бирок оңдолот деген ишенимин сактап калган неоконсерватизм келип чыккан.

Кедейлик менен теңсиздикти биротоло жоюуга мүмкүн эмес, бирок жеңилдетүүге болот, ал эми саясий институттар коомдун өнүгүүсүнүн берилген этабында дал келгендей гана жакшы деп эсептелет. Коомду кайра куруунун кезектеги этабын аяктаган, 80-жж. консервативдик революцияларды иш жүзүнө ашырган партиялардын Саясий платформалары неоконсерватизмдин жоболоруна негизделген. Неоконсерватизм платформасы өзүнө коомдук турмуштун социалдык-экономикалык чөйрөсүнө мамлекеттин кийлигишүүсүн чектөөнү жана мыйзамдуулукту жана укуктук мамлекеттин кийлигишүүсүн чектетип жана мыйзамдуулукту, укуктук тартипти сактоодо анын ролунун күчөшүн камтыйт. XX к. башында пайда болгон неолиберализм башка Саясий платформаны сунуш кылат. Анда эталитардык белгилерге көбүрөөк ээ боло баштаган этатизм коомдун социалдык-экономикалык жана саясий турмушун тескөөнүн башкы куралы болуп тандалган. Саясий платформада традициялык индивидуализм менен катар неолибералдык партиялардын практикасында коомдук, коллективисттик жана этатикалык аспектилер пайда болот. Согуштан кийинки жылдардагы жетектөөчү өлкөлөрдүн саясатында негизги идеялары ишке ашкан неолибералдык Саясий платформа 70-жж. ортосунда узак убакытка созулган кризиске учураган жана ушул өл-көлөрдүн бардыгында тескөөнүн неоконсервативдик ыкмаларына орун берген. Коомду башкаруунун эталитардык жана этатисттик концепциялары азыркы социал-демократия-нын Саясий платформасын толу к чагылдырган. Марксисттик концепцияда абсолютташтырууга жеткирилип, алар азыр оор кризисте болгон, коммунисттик Саясий платформаны пайда кылышкан. Социалисттик партиялар бийликте болгон өлкөлөрдө кандайдыр бир деңгээлде ишке ашкан учурдагы социал-демократтык платформа жалпы жыргалчылыктын мамлекетин куруу концепциясы менен тыгыз байланышкандыктан кризиске учурады, же бул партиялардын саясий практикасы менен келише албай калды. Саясий платформа саясий идеялардын жана маанайлардын базалык чагылуусу катары чыгат. Муну менен бир катар партиялардын ишмердүүлүгүнүн негизи катары конфессионалдык Саясий платформанын келип чыгышы байланышкан. Белгилүү убактарда берилген конфессиянын социалдык-саясий доктринасынын кайра жаралуусу коомдун базалык баалуулуктарынын кыйрашы менен аныкталат, же улуттук-маданий турмушунун жоголуу коркунучунда (кээ бир өлкөлөрдүн турмушунда фундаменталисттик саясий тенденциянын күчөшү) өзүн-өзү коргоонун куралы катары чыгат. Түрдүү багыттагы Саясий платформа саясий күчтөрдүн катышын жана саясий процесстин үстөмдүк кылган формаларын аныктап, ар дайым жана ар бир коомдо өкүм сүрүшөт жана атаандашышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8