Чач агаруу

Википедия дан
Чач агаруу.

Чач агаруу - пигменттердин жоголушунан чачтын туруктуу түссүздөнүшү.

Ал организмдин картайышы менен коштолот. 35-40 жаштагы адамдардын чачы анда-санда агара баштайт. Бирок айрым учурда жаштарда да пайда болот. Адегенде саамай чач, кийин бүт баштагы чач агарат, кийинчерээк каш, кирпикти ак басат. Улгайган кезде чачтын толук агарышы физиологиялык көрүнүш болуп эсептелет. Ал эми жаштардын чачынын агарышы нерв системасынын, ички секреция бездеринин ишинин бузулушу, витамин жетишсиздигинен, аз кандуулуктан, катуу чарчоодон, катуу кайгыруудан болушу мүмкүн. Чачтын эрте агарышы тукум куума да болуп, жакын туугандардын арасында кездешет. Агарган чачты калыбына келтирүүгө болбойт. Бирок косметикалык максатта өсүмдүктөн алынган (басма, хна, көк жаңгактын кабыгы) же химиялык боёктордун жардамы менен боёсо болот. Мындан сырткары калыбына келтиргичтер колдонулуп, бирок анда коргошун болгондуктан көпкө пайдаланууга болбойт. Мындай калыбына келтиргичтер кош бойлуу аялдарга, бөйрөгү ооругандарга, бала эмизген энелерге сунуш кылынбайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8