Улуттук саясат

Википедия дан

Улуттук саясат - мамлекет тарабынан иш жүзөгө ашырылуучу, улуттук кызыкчылыктарды эске алуу, айкалыштыруу жана жүзөгө ашырууга багытталган чаралардын системасы.

Бул учурда гумандуулук мазмунундагы жана демократтык багыттагы Улуттук саясат жөнүндө сөз болууда. Тарыхый тажрыйба жана азыркы мезгил күбөлүндүргөндөй Улуттук саясат үчүн көп учурда «бөлүштүр жана бийлик кыл» принцибинен тышкары чыкпоо мүнөздүү. Мындай саясат улуттук процесстерде терс натыйжаларга, көбүнчө социалдык кыйроолорго жана трагедияларга алып келбөөсү мүмкүн эле. Көп улуттуу мамлекеттин башкы милдети болуп улуттар аралык мамилелерди жакшыртуу саналат, б. а. улуттар аралык мамилелердин субъектеринин өз ара аракеттенүүсүнүн өтө ылайыктуу варианттарын издөө жана жүзөгө ашыруу.

Улуттук саясат-тын мазмунунун негизгиси - улуттук кызыкчылыктарга алардын:

  • а) жалпылыгын,
  • б) келишпөөчүлүктөрүн;
  • в) кагылышууларын эске алуу менен мамиле кылуу.

Улуттар аралык мамилелердин айрым субъектилеринин маанилүү кызыкчылыктарынын жана мамлекеттин масштабында жалпы улуттук кызыкчылыктардын жалпылыгы объективдүү негиздөөгө ээ. Кызыкчылыктардын келишпестиги улуттар аралык мамилелердин субъектеринин улуттук өз алдынчалыкты түрдүү түшүндүрүүсү менен байланышкан. Улуттук жана саясий кызыкчылыктардын чырмалышы алардын келишпөөчүлүктөрү кагылышууга, конфликтке өсүп жетиши мүмкүн. Мындай шарттарда алардын иш жүзөгө ашырылышынын өбөлгөсү катары улуттук кызыкчылыктарга компромисске жетишүү зарыл. Ушунун өзү Улуттук саясат-тын маңызын түзөт. Анын жетектөөчү принциби болуп кызыкчылыктарды жана кызыкчылыктар аркылуу улуттарды башкаруу саналат. Улуттук кызыкчылыктардын ушул эле мейкиндигинде чечилиши Улуттук саясаттын компетенциясына кирген проблемалык кырдаалдар пайда болот.

Улуттук проблемалар коомдун жашоо ишмердигинин экономикалык, социалдык, саясий, руханий ж. б. чөйрөлөрүнө көрүнөт. Моралдык-саясий планда эл терминин пайдалануу ыңгайлуу эмес. В. Гюгонун сөздөрү боюнча «дүйнөдө майда элдер жок. . . Адамдын улуулугу анын бою менен өлчөнбөгөн сыяктуу эле, элдин улуулугу да анын саны менен өлчөнбөйт». Чындыгында этностун потенциалдык мүмкүнчүлүктөрү көбүнчө анын санынан көз каранды. Улуттук тең укуктуулук саясатында төмөндөгү критерийди жетекчиликке алышат: көп сандуу улуттардын өкүлдөрү тарабынан аз сандагы этносторго анын түрдүү чөйрөлөрдө өзүн-өзү ырастоосуна көп көңүл буруу. Саясат дегеле, ал эми Улуттук саясат өзгөчө илим гана эмес искусство болуп саналат. Ал улуттук процесстердин диалектикасынын терең анализи менен бирге өзгөрүлүүчү улуттук көңүлдөрдү милдеттүү эсепке алууну иш жүзөгө ашырат.

Улуттук саясатта улуттук кызыкчылыктар канчалык аз эске алынып, иш жүзүнө ашырылса, алар ошончолук чоң болуп массалык, улуттук аң-сезимде чагылдырылат. Мындай шарттарда улуттук көңүлдөр улутчулдукка өсүп жетишет. Бул өз кезегинде саясий максаттарында улуттук кыймылдардын лидерлери, түрдүү улутчул - мансапкорлор тарабынан колдонулуучу улуттук-популисттик фондду түзөт.

Белгилүү социалдык күчтөрдүн кызыкчылыгын чагылдырган саясий режимден улам Улуттук саясатта төмөнкүлөр басымдуулук кылышы мүмкүн:

  • а) улуттук тенчилик, тең укуктук принциптери;
  • б) улутчулдук;
  • в) интернационалдуулук;
  • г) псевдоинтернационалдуулуктун айкалышы түзүүчү багытты аныктаса, улутчулдук менен псевдоинтернационалдуулуктун айкалышы бузуучулук багытты аныктайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6