Күйгөн

Википедия дан

Күйгөн - кыргыздын оозеки адабий-музыкалык ашыктык, сүйүү лирикалык ырларынын бир түрү.

Күйгөн ырларында бозойдун, селкинин сүйгөнүнө жетпей арманда калган кусасы, өкүнүчү, ички муңу-зары муңканган, обондо ырдалган. Күйгөн ырларынын жаратуучулары карапайым калктын арасынан чыккан ырга шыктуу уландар, кыздар, төкмө акындар, ырчылар ж. б. болушкан. Залкар обончу, төкмө акын Боогачы Күйгөн ырларынын атасы аталган. Анын 1927-ж. «Күйгөн» аттуу жыйнагы Фрунзеден араб тамгасында басылып чыккан.

Күйгөн ырлары комуздун ж. б. эл аспаптарынын коштоосунда жана коштоосуз аткарылган. Элдик жана Боогачынын Күйгөннүнүн үлгүсүндө ондогон обончулар, акындар Күйгөндүн жаңы үлгүлөрүн жаратышты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.