Калкалоочу конструкциялар

Википедия дан

Калкалоочу конструкциялар - имараттын сырткы дубалын түзүүчү же бөлмөлөрдү бөлүп туруучу конструкциялар.

Калкалоочу конструкциялар сырткы жана ички болуп бөлүнөт. Биринчисине сырткы дубалдар, терезелер, чатыр, чатырдын астындагы жана эң астыңкы кабаттын жабуулары кирет. Алар имаратты шамалдан, температуранын өзгөрүшүнөн, зыяндуу чуудан, жаан-чачындан ж. б. ар кандай сырткы таасирлерден сактайт.

Ички Калкалоочу конструкцияларга ички дубалдар, тосмолор, кабат ортосундагы жабуулар ж. б. кирет, алар имаратты айрым бөлүктөргө же бөлмөлөргө болуп, үндү (кээде жылуулукту) өткөрбөө үчүн пайдаланылат. Калкалоочу конструкциялар негизги күч келүүчү конструкцияларга орнотулат. Көпчүлүк учурда күч келүүчү конструкциялардын өздөрү эле Калкалоочу конструкциялар катарында колдонулат.

Калкалоочу конструкцияларды даярдоо үчүн кирпич, ар түрдүү жасалма жана табигый таштар, бетондон жасалган ири блоктор жана панелдер, жеңил бетондон, асбест-цементтен жасалган материалдар ж. б. Пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.