Грыжа

Википедия дан

Грыжа оорусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Грыжа оорусунун пайда болуу тарыхы

Грыжа оорусунун өзгөчө омурткадан кармаган түрүнүн пайда болуу тарыхы тууралуу ар кандай божомолдор бар. Алардын бири бир кездерде динозаврлардын өлүп калуусунун себеби тууралуу теорияга кайрылсак "илгери планета сууктап кетип, динозаврлар тамак таба албай кырылып калган" деп айтып келишкен. Себеби "динозаврлар тамак таба албай калышканда өйдө көтөрүлүп басууга туура келген. Алар өйдө көтөрүлүп турганда бел омурткаларына күч келип, натыйжада алар омуртка ооруларына чалдыгып кырылып калган" деген окумуштуулардын божомолдуу теориялары бар. Ал эми адамзаты тууралуу айта турган болсок, адамда эртеден кечке чейин эки буттап басуунун натыйжасында омурткага, өзгөчө бел тушка күч келет. Ошондуктан белде грыжа оорусу көп кездешет. Экинчи кезекте моюн жана баш турат. Себеби моюн дайым кыймылда болуп турат. Эң акыркы аз кездешкен грыжа бул көкүрөк тушта кезигүүчү грыжа.

Грыжа оорусу кайсы учурда пайда болот?

Омуртканын сөөгү менен кемирчегинин ортосунда жүргөн патологиялык процессти биз остеохондроз деп айтып коёбуз. Омуртка сөөгү менен кемирчегинин ортосундагы пайда болгон патологиялык процесс­тин өзү грыжа деп аталат. Грыжа эмнеден пайда болорун жөнөкөй тил менен түшүндүрө турган болсок, ар бир омуртканын ортосунда диск болот. Ал диск үч функцияны аткарат. Биринчиси амортизация, анын жардамы менен адамдар чуркап, секире жана олтура алса, экинчи функция адамды эңкейтип, чалкалатып жана капталдатып кыймылдатат. Ал эми үчүнчү функция омуртканы бири-биринен ажыратпай же жармаштырбай бир калыпта кармап туруучу кызматты аткарат. Мына ошол дисктердин ичинде ар биринин өзүнчө басымы бар. Эки омуртканын ортосундагы дисктеги басым омуртканын кыры менен бирдей болуш керек. Ошондо гана ал нормалдуу болот. Эгер омуртканын кыры менен бирдей болбой бир тарапка чыгып кетсе, анда анын эки себеби бар. Биринчиси, биздин вертикалдуу басканыбыз, экинчиси, зат алмашуунун бузулушу. Негизи, эки омуртканын ортосундагы диск 80 пайыз суу жана 10 пайыз белоктон турат. Мына ушул дисктин химиялык зат алмашуусу бузулганда суу азая баштайт. Суу азая баштаганда диск жарылып, ал жарылганда жүлүндү тебет. Натыйжада, диск менен жүлүндүн ортосунда келишпестиктер күч алат. Келишпестик ортосунан, оң жана сол тарабынан башталат. Эгер ортосунан тепсе, анда борбордук грыжа деп коёт. Бул учурда эки буту тең алмак-салмак, же бир эле учурда эки буту тең оорушу мүмкүн. Ал эми оң жагынан жүлүндү кысса, анда таасирин оң бутка берет да, оң буту жана бели ооруйт. Ушул эле көрүнүш сол жагынан болсо, анда оорунун таасири сол бутуна жана белине берет.

Грыжа оорусунун белгилери

Грыжа моюн омурткадан кармаган учурда адамдын колдору чымырап, талып уюп, көтөрүлбөй, баш оорусу күчөйт. Эгер грыжа көкүрөк омурткадан кармаган болсо, анда адамдын жүрөгү кысылат. Ал эми грыжа бел омурткасынан кармаган учурда кысылган нервден улам бутка кан аз кетип, натыйжада бут арыктап, сөөктөр кичирейип, буттун баш бармагы жансыз боло баштайт. Бул учурда бел, жамбаш жана бут сөөктөр ооруйт.

Грыжа оорусун алдын алуу

Адамзат омуртка грыжасын алдын алууга болот. Ал үчүн биз балдарыбызды мектепте жана бала бакчада жүргөн кезинде эле анын омурткасын рентгенге тарттырып коюшубуз зарыл. Себеби биз рентгенге түшүү менен тубаса патологиянын бар же жогун аныктайбыз. Эгер кичинекей балада тубаса патология болсо, анда дарыгер ага туура багытты көрсөтүп, ал спорттун кайсы түрү менен машыкпоосу, же кандай кесипти аркалабашы керек экенин түшүндүрүү керек. Баланын тубаса патологиясы аныкталып, бирок бала спорт менен машыгууну каалап жатса, анда дарыгер ага ылайыктуу спорттун түрү менен машыгууга болорун түшүндүрүүсү зарыл. Мындан тышкары, бул оорудан жабыркагандар ашыкча салмак күтпөш керек. Ашыкча салмак бел омурткага күч келтирет. Ооруган адамдар кандай жумушта иштебесин кыймыл-аракетти көбүрөөк жасап жүрсө жана дарыгердин айткандарын кынтыксыз аткарса, бул оорудан алыс боло алат.

Шилтеме [[1]]