Канбийке Мононоке

Википедия дан
Канбийке Мононоке
Режиссеру Хаяо Миязаки
Продюсер Тошио Сузуки
Оператору Ацуси Окуи
Тартылгандар
Музыкасы Жө Хисаиши
Редактору Такеши Сеяма
Студия Studio Ghibli
Жайылтуучу Toho
Чыккан жылы
  • 12 июль 1997 (1997-07-12)
Узактыгы 134 мүн.
Өлкөсү  Жапония
Тили Жапон
Бюджети
  • ¥2.1 миллиард
  • ($23.5 млн)
Киреше
  • ¥14.5 миллиард
  • ($159.4 млн)[1]

"Канбийке Мононоке" (жапончо: も の の け 姫 Hepburn: Mononoke-hime? - "Арбак/Желмогуз канбийке") ― 1997-жылы Хаяо Миязаки тарткан, Studio Ghibli продюсерлик кылган жана Toho жайылткан жапондук эпикалык фэнтези аниме. Башкы ролдорго үн коштогондор: Йожи Матсуда, Йүрико Ишида, Йүко Танака, Каору Кобаяши, Масахико Нишимура, Сунехико Камижо, Акихиро Мива, Митсуко Мори жана Хисая Моришиге.

Канбийке Мононоке Жапониядагы муромачи доорун (болжол менен 1336-1573 арасы) фэнтези элементтери менен баяндаган анимациялык тасма. Окуя Эмиши канзадасы Ашитаканын токойдун кудайлары жана алардын токой байлыктары үчүн кишилер менен күрөшүнө кийлигишүүсүн баяндайт. "Mononoke" (物 の 怪 же も の の け?) деген термин бул ысым эмес. Жапончодо арбак же желмогуз деген маанини берет. Ghibli'нин башка тасмаларынан айырмаланып, Мононокеде бир аз орой окуя жана сапат байкалат.

Тасма 1997-жылы, 12-июлда Жапонияда жана 1999-жылы, 29-октябрда Кошмо Штаттарда көрсөтүүгө чыккан. Аниме 1997-жылы Титаник тасмасы чыкканга чейин Жапонияда эң жогору киреше тапкан тасма болгон. Ошондой эле 2001-жылы Миязакинин дагы бир тасмасы "Арбакка айлангандар" чыкканга чейин улуттук тасмалардын арасында эң кирешелүү тасма болгон. Ага англисче үн коштолуп, Түндүк Америкада Miramax тарабынан таратылган. Америкада жакшы ийгиликке жете албаганы менен DVD жана видеолор мыкты сатылып, Ghibli'нин популярдуулугун жана Жапониядан сырткаркы таасирин жогорулаткан.

Сюжет[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Princess Mononoke. Box Office Mojo. Internet Movie Database. Текшерилген күнү 14 -сентябрь (аяк оона) 2012.