"Алаш" партиясы
1917–20-ж. Казакстан м-н Түндүк Кыргызстандагы саясий партия. Жаңыдан калыптанып келе жаткан жергиликтүү майда буржуазиянын кызыкчылыгын коргогон. Кадет партиясынын Казакстандагы тобу катары 1905-ж. пайда болгон. Пишпекте 1917-ж. жайында «Алаш» уюму түзүлгөн. 21–26- июнда Оренбургда «Бүткүл кыргыз» («Бүткүл казак») съезди өтүп, «Алаш» партиясы уюшулган. Анын программасында казак, кыргыз элин өз алдынча мамлекетке бөлүү мүдөөсү каралаган. 5–13-декабрда «Аралаш Ордо өкмөтү» түзүлүп, куралдуу кошуундар топтолгон. Алар ак гвардиячылар менен бирдикте совет бийлигине каршы күрөшкөн. Орол, Торгой, Семей, Жети-Суу облустарында «Алаш» партиясынын бөлүмдөрү түзүлгөн. 1918-ж. Жети-Суу ревкому «Алаш» партиясынын облустук, уезддик уюмдарын жоюуга токтом чыгарганына карабастан, Пишпектеги «Алаш» уюму өзүн «Кыргыз революциячыл совети» деп атап, 1920-ж-га чейин иш жүргүзгөн. Бул партиянын бир катар өкүлдөрү кийин сабатсыздыкты жоюуда, соц. маданиятты, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө зор эмгек сиңиришкен.