"Семетей" эпосунун тарыхый-генеалогиялык негизи

Википедия дан

"Семетей" эпосунун тарыхый-генеалогиялык негизи"Семетей" эпосундагы чагылдырылган эпикалык доордун мүнөзүн жана андагы генеалогиялык циклдешүү принцибинин өзгөчөлүгүн изилдөөгө арналган "Манас" иликтөөчү А. Жайнакованын эмгеги (Фр., 1982). Ушул багытта эпостогу түрдүү катмарлар каралып, жомоктук-мифологиялык элементтердин орун алышы тийиштүү фактылар менен бекемделет. Автор салттык сюжеттик канваны талдоо менен эпостогу чагылдырылган доор болжолдуу түрдө аныкталат. Автордун ою боюнча эпостун өзөгүн түзгөн салттуу окуялар — байыркы доорлорго таандык көрүнүштөрдөн. Алар кээде кийинки доорлорго жата турган элементтер менен ширелишип да кетет. Эпостун окуялары салттык мүнөзгө ээ болуп калыптанганга чейин эволюциялык түрдө өнүгүү менен көп өзгөрүүлөргө учурашкан. Демек "Семетей" эпосунун сюжеттик тутумунан ар кандай доорлордун поэтикалык көркөм чагылышын көрүүгө болот. Поэма жеке эле тематикасы, идеясы боюнча гана эмес, өзүнүн көркөм статистикалык куралмалары жактан да "Манас" бөлүмүн улантат, бирок айрым учурда орун алган окуялардын, мотивдердин мүнөзүнө ылайык жаңы түс. формада да берилет. "Манас" үчилтигинде орун алган генеалогиялык принцип эпикалык баатырдын ордуна жаңы баатырды жаратып гана тим болбостон, мурунку салттуу сюжеттик схеманы керектүү учурда деталдык белгилерине чейин кайталап жаңыртып чыгат. "Манас" бөлүмүнө караганда үйлөнүү темасы менен ички душмандарга каршы күрөштөрдүн күчтүү жана кеңири сүрөттөлүшү аркылуу оригиналдуулукка жетишкен "Семетей" — генеалогиялык планда да жеткиликтүү иштелүү менен коомдук түзүлүштүн патриархалдык-феодалдык баскычындагы элементтерин көбүрөөк сактап калган деген жалпылоо, жыйынтык чыгарылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4