«Айкөлдүк» эл аралык кайрымдуулук фонду

Википедия дан

«Айкөлдүк» эл аралык кайрымдуулук фонду - коомдук ишмер, меценат А.М. Салымбеков тарабынан 2009-ж. 15-апрелде негизделген.

Фонддун негизги милдеттерине Кыргыз Республикасынын бардык райондорун камтыган кайрымдуулук иш-чараларды өткөзүп туруу кирет. «Айкөлдүк» эл аралык кайрымдуулук фондусу атайын кайрымдуулук менен ак жүрөктөн иш кылып, өлкөбүздөгү социалдык маселелердин чечилишине ак жүрөктөн жардам көргөзүп келген мекенибиздин меценат инсандарын колдоп, кайрымдуулук иш аракеттерин бүткүл өлкөгө жайылтууну максат кылат.

Бул багытта 2010-ж. бери «Ак Жүрөк» улуттук сыйлыгы негизделип, ар жылы жылдын меценаттары аныкталып, аларга атайын сыйлык жана дипломдор тапшырылып, Бишкек шаарынын Фучик паркында «Даңк Аллеясына» алардын ысымдары жазылып келет. Мындай аракеттер өлкөбүздүн ар кайсы аймактарынан ак жүрөк меценат адамдарды таап чыгып, алардын кайрымдуулук иштерине дем күч берип, моралдык колдоо көргөзүүдө. Бул иштер өлкөбүздө меценаттык кыймылдын негизделишине жана жалпы аракеттер менен биргеликте коомубузга пайдалуу иш-аракеттерди кылууга өбөлгө болот.

Кайрымдуулук фондусу 2010-ж. Москва шаарынын көрүнүктүү меценаттары менен биргеликте Бишкек шаарында маданият тармагына байланыштуу фестивалдарды өткөрдү. Бишкек шаарында жогорку окуу жайлары, чоң жана чакан ишканалар менен биргеликте көптөгөн сынактарды, жолугушууларды, кайрымдуулук иш-чараларды өткөзүп келет. Ошондой эле жаш окумуштууларга, студенттерге ири суммадагы спонсорлук жардамдар көрсөтүлүп жатат.

Жыл сайын кыргыз элине белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин туулган күнүнүн урматына кечелер өткөзүлөт, жаш өсүп келе жаткан опера ырчылары баалуу сыйлыктар менен сыйланышат. 2012-ж. Бишкек шаарындагы Ю.Фучик атындагы паркында Кыргыз Республикабыздын бардык райондорунан чыккан белгилүү бизнесмен-меценаттардын урматына арналган «Меценаттардын аллеясы» ачылды. Аллеяда орнотулган кызыл гранит плитасына кайрымдуулугу менен эл арасына белгилүү меценаттардын ысымдары жазылып түбөлүккө калат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8