«Аксак кемпир бапалак» оюну

Википедия дан

«Аксак кемпир бапалак» оюну - жаштар оюну. Ойнолуучу жердин чеги белгиленип, «Аксак кемпир бапалак» дайындалат. Ал эки колун бириктирип, отко күйүп калган сыяктанып, алаканын үйлөп, оюнчуларга келип: - Мен дарыядан кантип өтсөм болот? - деп сурайт. Алар: «Дарыядан кааласаңыз сүзүп же кечип өтүңүз» - дешет. Ал оюнчуларга дагы жакыныраак келип, алаканын үйлөй берет. Оюнчулардын бири: «Караңгыда от үйлөгөн ким, эмне издеп жүрөсүң?» - десе, «Мен аксак кемпир бапалакмын, менин баламды көрдүңөрбү?» - деп суроо берет. Оюнчулар - «Балаң дарыя жакта жүрөт» деп айтып, туш тарапка качышат. « Аксак кемпир бапалак » ачууланып, аларды кармап алуу үчүн кубалайт. Белгиленген чектен аша чуркап чыгып кеткен, ошондой эле кармалып калган оюнчу ырдап, бийлеп, табышмактын жандырмагын табууга тийиш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1