«Алга» спорт коому

Википедия дан

«Алга» спорт коому — республикадагы жумушчу жаштарды өз катарына бириктирип турган профсоюздардын ыктыярдуу спорт коому. Коом 1958-ж. уюшулган. Анын 4 коллективине «Спорттук клуб» деген наам берилген, Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын куруу заводунун коллективи бул наамга 1-болуп жетишип, № 1 күбөлүк алган. Коомдо өткөн мезгилде СССР спортунун 191 чебери, 3617 спорттун чеберлигине кандидат жана биринчи разрядчы, 82 миңден ашык массалык разряддагы спортчу даярдалган. «Алга» спорт коомунда спорттун 26 түрү боюнча секциялар иштеп, 70 миңге жакын коомдук инструкторлор машыгууларды өткөрүшкөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1