«Ботой»

Википедия дан

«Ботой» – салт күү. Комузчулардын чыгармачылыгында кеңири өнүккөн. Ботой комуздун жоон мойнунан кайрылып чертилет. Бул күү ботосу өлгөн төө жөнүндөгү уламадан чыккан. Улам жаңы, үлгү, түрлөрү жарала берип, акырында салт күүгө айланган. Аларга жардамчы эпитеттер же күүнү чыгарган автордун ысмы кошулуп айтылат. Мисалы, «Чоң ботой», «Кичине ботой», «Кыл чоймо ботой», «Маш ботой», «Токтогулдун ботою», «Муратаалынын ботою» жана башка.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]