«Искусство искусство үчүн»

Википедия дан

«Искусство искусство үчүн», «таза искусство» – көркөм чыгармачылык (искусство) коомдук турмуш менен саясатка көз каранды болбой, көпчүлүк элдин мүдөөсү үчүн күрөшкө катышпай, жалаң гана абстракттуулук, сулуулук, турмушка байланышсыз көркөмдүк үчүн кызмат кылууга тийиш деген эстетикалык-теориялык көз караштын жалпы аты. 19-кылымдын орто ченинде Францияда теория болуп түзүлгөн (Т. Готье, «Парнас» тобу). Биринчи жолу француз жазуучусу Б. Констандын күндөлүгүнө (1804; И. Канттын эстетикалык көз караштарга байланыштуу эскерүүсү): «Искусство искусство үчүн максатсыз, анткени ар кандай максат искусствону бурмалайт» деп жазган. Россияда 19-кылымдын ортосунда « Искусство искусство үчүн » урааны искусстводогу «гоголдук багытка», башкача айтканда социалдык-сынчыл багытка каршы коюлган (А. В. Дружинин, П. В. Анненков, В. П. Боткин). Көркөм чыгармачылыктагы коомдук проблематиканы эсепке албоочулукка алып келген « Искусство искусство үчүн » идеясын орустун революциячыл демократтары жана адабият таануу өкүлдөрү сынга алышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]