«Кыргызсоодамаш»

Википедия дан

«Кыргызсоодамаш» — жабык акционердик коом (1994). 1941-жылы Россиянын Курск областынан Кыргызстанга эвакуацияланып келген Кант заводунун оңдоо мастерскаяларынын базасында түзүлгөн. 1942-жылы бул мастерскаялар Ново-Троицк машина куруу заводу болуп аталган. Анда кант, пиво кайнатуучу жана кондитердик өнөр жай тармактары үчүн технологиялык жабдуулар даярдалган. Ишкананы кеңейтүү жана реконструкциялоо боюнча Фрунзеде «Кыргызөнөржайдолбоор» институту 1958—59-жылдары түзгөн долбоордун негизинде 1975—80-жылдары азыркы цехтер, коммуникациялар, перифериялык-аймактык тосмолор курулган. «Жаңы конуш» турак жай массиви, заводдун кызматкерлери үчүн коттедждер, пионер лагери, бала бакчалар ж. б. курулган. 1994-жылы Сокулуктагы «Соодамаш» заводу банкрот катары жоюлуп, 1996-жылы «Кыргызсоодамаш» ЖАК уюшулган. Ишкананын курамында 7 цех, металл кескич, куюучу, жыгач иштетүүчү, ширетүүчү, жүк көтөргүч станоктор жана машиналар менен жабдылган участкалар бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]