«Көр уулу»

Википедия дан

«Көр уулу» – Орто Азия, Кавказ жана Жакынкы Чыгышка таралган фольклордук чыгарма. 16-кылымдын 2-жарымында пайда болгон. Анын эки версиясы бар. Бири Батышка (армян, түрк, азербайжан, грузин версиясы), экинчиси Чыгышка (түркмөн, өзбек, казак, тажик версиясы) таралган. Батыш версиясы боюнча каарман – атасын сокур кылган зулумдан өч алуучу (Көр уулу деген ушундан калган) элдик баатыр жана төкмө ырчы. Мында окуя өзүнчө аңгеме түрүндө баяндалат. Аңгемелер лирикалык жана эпикалык ырлардан куралган кыстырмалар менен айкалышта берилет. «Көр уулу» жарым-жартылай тарыхый, жарым-жартылай уламыш мүнөзүнө ээ. Тарыхыйлыгына 16–17-кылымдардагы документтер күбө (мисалы, армян тарыхчысы Аракел Тавризскийдин Стамбул китепканасындагы архив материалы). Түрк версиясы боюнча (Жакынкы Чыгышта) «Көр уулу» чакан повесть түрүндө калыптанган. Анын каарманы – жергиликтүү феодал Болубийге каршы күрөшкөн качкын. Орто Азия версияларынын Батыштыкынан айырмаланган белгилери баш каарман энесинен көрүстөндө туулган үчүн Көр уулу аталган, тектүү жерден чыккан адилет башчы болот; кырк чоросу менен мекенин коргоп, коңшу феодалдарга каршы согушат. «Көр уулунун» бардык версияларында каарман теңдик менен бир туугандык өкүм сүргөн Шамлыбел деген ажайып өлкөдө жашаганы айтылат. Орто Азия версиялары жомоктук, фантастикалык көрүнүштөргө бай. «Көр уулунун» образы аркылуу элдин баатыр, калыс жана чынчыл падыша жөнүндөгү идеалы берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]