«Манас» камералык оркестри

Википедия дан

«Манас» камералык оркестри – 1999-жылы уюшулган. 2001-жылдан президенттик статусуна ээ. «Манас» камералык оркестрин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, скрипкачы жана дирижёр Э. Асаналиев менен музыка таануучу Р. Сырдыбаева негиздеген. «Манас» камералык оркестринин аркалаган вазийпасы расмий иш-чаралардын маданий бөлүмүнө катышуу менен катар, классикалык музыканы жайылтуу жана камералык музыканы аткаруу чеберчилигин өнүктүрүү болуп саналат. Оркестрде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери, республикалык жана эл аралык конкурстардын лауреаттары, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын бүтүрүүчүлөрү иштешет. Оркестр ата мекендик (СССРдин эл артисти С. Токтакунова, Кыргыз Республикасынын эл артисттери М. Бегалиев, Т. Жакшылыков, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Н. Нышанов, С. Жумашев, Ч. Төрөбеков ж. б.) жана чет өлкөлүк (А. Тебенихин – Казакстан, В. Ослунд – Швеция, Ашу – АКШ, Г. Винишхофер – Австрия) композиторлор жана аткаруучулар менен кызматташат. Оркестрдин репертуарын бароккодон заманбап мезгилге чейинки доорлордогу композиторлордун чыгармалары түзөт. Көркөм жетекчиси жана дирижёру – Э. Асаналиев.[1]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]