«Нарын гидроэнергия курулуш» акционердик коому

Википедия дан

«Нарын гидроэнергия курулуш» акционердик коому (Каракөл шаары, Ленин көчөсү) - гидрокурулуш-монтаждоо иштерин аткаруучу мекеме. Республиканын бардык аймактарында жана Бишкек, Ош шаарларында иш жүргүзөт.

  • 1957-ж. Нарын дарыясынын -гидроресурстук мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу жана сугат маселелерин чечүү үчүн « Нарын гидроэнергия курулуш » Башкармалыгы түзүлгөн.
  • 1991-жылдан азыркыдай аталат. Шамалдысай, Каракөл шаарында өндүрүштүк базалары жайгашкан.
  • 1991-жылдан бери акционердик коом ГЭСтер боюнча көлөмү 47,6 млн долларга курулуш-монтаждоо иштерин аткарган. 3000 киши иштейт (2001); учурда Түркиянын «Суусамыр-Интер», «Энтес», Ирандын «Кейсон», «Ирдопаз» фирмалары менен кызматташууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5