Аалиев Гүлжигит Кенжекараевич

Википедия дан

Аалиев Гүлжигит Кенжекараевич (1955-ж. т., Жаңыжол айылы) - медиwина илимдеринин доктору, Россия Федерациясынын эл аралык илимдер академиясынын профессору. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы.

1978-ж. Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун дарылоо факультетин бүткөн. 1978-80-ж. клиникалык ординатурада окуган, 1980-87-ж. республикалык клиникалык оорукананын проктология бөлумүндө врач-ординатор, 1987-92-ж. бөлүм башчы, 1992-97-ж. башкы врачтын 1-орун басары, 1998-жылдан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин сфун басары. З0дан ашык илимий иштердин, 11 сунуш киргизүүнүн жана 1 ойлоп табуунун автору. СССР саламаттык сактоо отличниги, жогорку категориядагы хирург. Кыргыз Республикасынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Медалдар менен Сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5