Аалы Токомбаев

Википедия дан
Аалы Токомбаев
Туулган датасы:

7 -ноябрь 1904(1904-11-07)

Туулган жери:

Чонкемин айылы, Кемин району, Кыргызстан

Өлгөн датасы:

19 -июнь 1988(1988-06-19) (83 жаш)

Өлгөн жери:

Фрунзе шаары, Кыргыз ССРи

Ишмердүүлүгү:

акын, жазуучу, драматург, котормочу, публицист, журналист, академик

Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Кыргыз Илимдер Академиясынын анык мүчөсү,Социалисттик Эмгектин Баатыры

Аалы Токомбаев (Балка) — акын, жазуучу, драматург, котормочу, публицист, журналист, академик. Кыргыз Эл акыны, Социалисттик Эмгектин Баатыры.

Өмүр баяны

Акын Аалы Токомбаев Кемин районундагы Кайыңды айылында 1904-жылы туулган .
1922-жылы Ташкенттеги советтик партиялык мектепке кабыл алынат.
1923–1927-жж. В.И.Ленин атындагы Орто Азия коммунисттик университетинде (САКУ) окуган.
1927-жылы Чүй кантонунда РОНОнун башчысы болуп иштейт.

1927–1929-жж. «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редактору, 1930–1931-жж. Москвадагы Борбордук басмада кыргыз секторунун редактору, 1931-жылдан Кыргызмамбастын башкы редактору, 1934–1949-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгына төрага, ошол эле жылдары «Советтик Кыргызстан» журналынын башкы редактору, СССР Илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалынын тил, адабият жана тарых институтунун директору, 1955–1956-жж. «Чалкан» сатиралык журналынын башкы редактору болгон.

Улутчул, СТПнын (социалтуран партиясынын) мүчөсү, Япониянын пайдасына иштеген чыккынчы деген сыяктуу жалаалар менен 1937-жылдын ноябрынан 1939-жылдын июнь айына чейин камакта болуп, ага чейин чыккан бардык китептери жок кылынган. А.Токомбаев түрмөдөн 1939-жылы 4-июнда чыккан. Кийин А.Фадеевдин кийлигишүүсү аны камактан сактап калган.

1988-жылы өлгөндөн кийин акындын бардык китептери акталган.
2007-жылы кыргыздын мыкты кара сөз, драматургия, поэзия, публицистика жаатындагы чыгармалары үчүн Аалы Токомбаев атындагы республикалык сыйлык уюштурулган.

Чыгармачылыгы

Кыргызстандын басмасынын тарыхында биринчи болуп чыккан «Эркин-Too» гезитинин биринчи номуру 1924-жылы 7-ноябрда жарык көрүп, ага А.Токомбаевдин «Октябрдын келген кези» аттуу ыры басылган.
Биринчи ырлар жыйнагы 1927-жылы Ташкентте «Ленин тууралуу» деген ат менен басылып, бул китеби бир аз оңдолуп, толукталып «Ленин» деген ат менен 1936-жылы кайра басылган.
А.Токомбаевдин көпчүлүк чыгармалары орус тилинде, кээ бир басылмалары украин, казак, тажик, өзбек, литва тилдеринде жана кээ бир чыгармалары чет өлкөлөрдө жарыяланган.
Жазуучу С.Маршактын, А.Кунанбаевдин, Ж.Жабаевдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Көптөгөн коллективдүү котормо иштерине жана коллективдүү которулган жыйнактарды чыгарууга активдүү катышкан.
А.Токомбаев Кыргыз ССРинин Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири, СССРдин гимнинин жана партиялык гимн «Интернационалдын» кыргызча котормосунун авторлорунун бири.
1967-жылы «Таң алдында» романы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон. 1934-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Кыргыз ССРнин Эл акыны (1945-ж.).

Сыйлыктары жана наамдары

Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын анык мүчөсү (1954-ж.)
Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974-ж).
Эки Ленин, үч Эмгек Кызыл Туу, Октябрь революциясы, «Ардак белгиси» ордендери;
«1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта каарман эмгеги үчүн» медалы;
Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун жана бир катар союздук республикалардын Ардак грамоталары менен сыйланган.
Бир нече жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Советине депутат.
Кыргыз обкомдук мүчөлүгүнө
Кыргызстан КП БКнын мүчөлүгүнө кандидат болуп шайланган.

Жарык көргөн китептери

Кыргыз тилинде
Ленин тууралу: Кыргыз тилиндеги ырлар. – Ташкент: Ортоазкитеп басма-сы, 1927. – 74 б.
Биз курмандыкка каршыбыз. – Ф.: Кыргызмамбас, 1931. – 22 б.
Атака: Жыйнак. – М. – Ташкент: Мамлекеттик басмалар бирикмесинин Орто-Азия бөлүмү, 1932. – 252 б.
Туткун Марат. – Ф.: Кыргызмамбас, 1932.
Эмгек гүлү: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1932. – 123 б.
Абалкы ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1934.
Биздин китеп: Балдар оюну ыр менен жана ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1934. – 35 б.
Иргелген ырлар жана 1916-жылдагы поэмадан үзүндү. – Ф.: Кыргыз-мамбас, 1935. – 35 б.
Канаттуу достор: Балдар аңгемеси. – Ф.: Кыргызмамбас, 1935. – 22 б.
Ырлар жыйнагы: – Ф. Кыргызмамбас, 1935. – 52 б.
Кандуу жылдар: 1916-жыл: Роман: 1-китеп. – Ф.: Кыргызмамбас, 1935. – 294 б.
Кандуу жылдар: Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 308 б.
Тууган эл: Ырлар, 1-том – Фрунзе – Казань: Кыргызмамбас, 1940. – 219 б.
1-том – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 220 б.
Жараланган жүрөк. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 288 б.
Сыйкырчы жөнүндө жомок. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1941. – 24 б.
Түбөлүк жыргал үчүн күрөш. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 22 б.
Сыйкырчы тууралуу жомок. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941.– 23 б.
Алга: – Ф. Кыргызмамбас, 1942. – 128 6.
Ашырбай: Очерк. – Ф.: Кыргызмамбас, 1943. – 24 б.
Улуу агабыз орус эли. – Ф.: Кыргызмамбас, 1943. – 23 б.
Жүрөк күүсү: 2-бас. – Ф.: Кыргызмамбас, 1943. – 84 б.
Жаңы ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1944. – 56 б.
Жүрөк күүсү: 2-бас. – Ф.: Кыргызмамбас, 1944. – 71 б.
Алкоо: Жаңы ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1944.– 55 б.
Таң алдында (Кандуу жылдар): 1940–1945-жылдар. Ф.: Кыргызмамбас, 1947. – 208 б.
Таалай издеген индус: Жомок. – Ф.: Кыргызмамбас, 1947. – 32 б.
Биздин китеп: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949.
Белегим: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1951. – 81 б.
Өз көзүм менен: Поэма-повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 200 б.
Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 408 б.
Жомоктор. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1955. – 52 б.
Турмуш. – Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 120 б.
Лирика. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 88 б.
Бээжинден белек: Жолдогу очерк жана ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, I960. – 107 б.
Комуз күүсү: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 215 б.
Бээйжинден белек. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 107 б.
Өз көзүм менен. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 199 б.
Таң алдында (Кандуу жылдар): Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 420 б.
Жараланган жүрөк: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмам-бас, – 1963. – 235 б.
Таң алдында ( Кандуу жыл). – Ф.: Кыргызстан, 1963. – 430 б.
Таң алдында ( Кандуу жыл).–Ф.: Кыргызстан, 1966. – 430 б.
Волга менен сүйлөшүү: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1964. – 30 б.
Мезгил үнү: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 162 б.
Солдат элек: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1965. – 259 б.
Тан алдында (Кандуу жыл): Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 431 б.
Момия: Ырлар, дастандар, бир шилтемдер: 1965–1969. – Ф.: Кыргызстан, 1970 – 382 б.
Жараланган жүрөк: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1971. – 294 б.
Тандалган чыгармалардын 3 томдук жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1972.
1-т.: Ырлар жана алгачкы дастандары. – 1972. – 642 б.
2-т.: Роман жана дастандары. – 1972. – 620 б.
3-т.: Прозалары. – 1973. – 802 б.
Ашырбай: Очерк. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 18 б.
Менин республикам. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 48 б.
Белегим: Лирикалык ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 400 б.
Биздин китеп: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1975. – 27 б.
Менин республикам: Публицистикалык поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 16 б.
Биздин китеп: Ырлар. 3-бас. – Ф.: Мектеп, 1975. – 27 б.
Акай мерген: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1976. – 27 б.
Жылдызым: Ырлар, дастандар. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 272 б.
Күүнүн сыры: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1977. – 337 б.
Менин метрикам: Ырлар, поэма. – Ф.: Мектеп, 1979. – 80 б.
Менин республикам. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 48 б.
Менин республикам: 2-бас. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 47 б.
Өмүр элестери: Тандалган ырлар, дастандар. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 676 б.
Жараланган жүрөк: Повесттер, аңгемелер, драма. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 294 б.
Жараланган жүрөк: Повесттер, аңгемелер, драма 4-бас. – Ф. Кыргызстан, 1981. – 416 б.
Жетим менен сыйкырчы: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1981. – 26 Жетим менен сыйкырчы: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1981. – 13 б.
Мезгил учат: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1983. – 208 б.
Тандалган чыгармалардын үч томдук жыйнагы. –3-т. – Ф.: 1983.
Акай мерген: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1984. – 36 б.
Таң алдында (Кандуу жыл): Ыр менен жазылган роман. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 347 б.
Күүнүн сыры: Ырлар, аңгемелер, повесттер. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 357 б.
Чыгармалар жыйнагы: 2 томдук. – Ф.: Кыргызстан, 1988.
1-т. 1988. – 343 б.
2-т. 1988. – 332 б.
Күүнүн сыры: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Адабият, 1991. – 128 б.
Кандуу жылдар: Роман. 2 томдук. – Б., 1991.
1-Т. 1991. – 255 б.
Таң алдында ( Кандуу жылдар): Роман, 2 томдук. – Б.: Эркин, 1991.
2-Т. 1940–1945 жылдар. – 1991. – 144 б.
Токтолбойт толкун түбөлүк. Ырлар. – Б.: Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. 1995. – 223 б.

Орус тилинде
Сборник стихов. – Ф.: Киргизгосиздат, 1933. – 45 с.
Земляк Манаса: Стихи. – Ф.: Киргизгосиздат, 1943.
Перед зарей: Стихи. – М.: Сов. писатель, 1946. – 113 с.
Повести и рассказы. – Ф.: Киргизгосиздат, 1946. – 139 с.
Утренняя встреча: Стихи. – М.: Сов. писатель, 1946. – 131 с.
Избранные стихи. – М.: Сов. писатель, 1952. – 151 с.
Избранное: Стихи и поэмы. – Ф.: Киргизгосиздат, 1954. – 104 с.
Избранное: Стихи и поэмы. – М.: Гослитиздат, 1958. – 407 с.
Время летит: Рассказы и повести. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 208с.
Встреча в Китае: Поэма. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 11 с.
Индус в поисках счастья: Поэма-сказка. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 21 с.
Мелодии комуза: Поэма. – Ф.: Киргизгосиздат, 1962. – 162 с.
Разговор с Волгой: Стихи. – Ф.: Киргизгосиздат, 1964. – 13 с.
Перед зарей. – М.: Сов. писатель, 1966. – 127 с.
Перед зарей: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 296 с.
Моя Республика: Публицистическая поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 48 с.
Мы были солдатами: Повести. – М.: Мол. гвардия, 1974. – 320 с.
Стихотворения. – М.: Худ. лит., 1974. – 174 с.
Избранное. – М.: Худ. лит., 1975.
Древо: Стихи, поэмы. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 280 с.
Моя Республика: Поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 46 с.
Четыре времени года: Стихотворения. – Ф.: Мектеп, 1979. – 16 с.
Вижу молодость мою: Стихи. – М.: Правда, 1982. – 63 с.
Мастер: Стихи. – М.: Сов. писатель, 1982. – 59 с.
Сирота и волшебник: Сказка. – Ф.: Мектеп, 1982. – 32 с.
Надежда: Лирика и поэмы. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 124 с.
Избранное: Стихотворения, поэмы, повесть. – М.: Худож. лит. 1984. – 447 с.
Волшебный родник: Поэма-сказка. – Ф.: Мектеп, 1985. – 72 с.
Охотник Акай: Сказки. – Ф.: Мектеп, 1987. – 40 с.

Башка элдердин тилдеринде
Волна Иссык-Куля: Стихи и поэма. – Киев: Рад. письменник,1975. – 151 с. – укр.
Друзьям: Стихи. – Ташкент: изд-во лит. и искусство, 1975. – 62 с. – узб.
Избранное: Стихи. – Алма-Ата: Жазушы, 1975. – 185 с. – каз.
Стихи. – Душанбе: Нашрдав точик. 1961. – тадж.
Мы были солдатами: Повесть. – Вильнюс: Вага, 1976. – 183 с. – лит.

Котормолору

Маршак С.Жомоктор, ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 88 б.
Кунанбаев А. Абайдын ырлары. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 128 б.
Жабаев Ж.Тандалган ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 120 б.
Кунанбаев А. Менин элим: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 108 б.

Интернеттеги шилтемелер

Электрондук вариантындагы китептери: