Кыргызстан
|
||||||||
| Эгемендүүлүгү - Жарыяланган |
СССР-дeн, 31-чи август 1991 |
|||||||
| Мамлекеттик тили | Кыргыз тили (Орус тили расмий түрдө колдонулат ) |
|||||||
| Борбор шаары | Бишкек | |||||||
| Эң ири шаарлары | Бишкек, Ош, Каракол | |||||||
| Убактылуу Окмот | Кыргыз Республикасынын Убактылуу Окмотунун башчысы Роза Отунбаева | |||||||
| Аянты Бардыгы |
85-чи орунда 198.500 км² |
|||||||
| Суу аянты |
3.6% | |||||||
| Калкы: Саны Жыштыгы |
60-чы орунда 5 264 000(2005) 147-чи орунда 25/км² |
|||||||
| ИДП |
135-чи орунда $10 626 000 000 (2005) |
|||||||
| Улуттук акча бирдиги | Кыргыз Сому KGS (1993) | |||||||
| Жергиликтүү убакыт | UTC+6 | |||||||
| Интернет домени | .kg | |||||||
| Эларалык телефон коду | +996 | |||||||
Кыргызстан, Кыргыз Республикасы(орусча Кыргызская Республика,Кыргызстан) – Орто Азиянын түндүк-чыгышында жайгашкан. Өлкө түндүктөн Казакстан, батыштан Өзбекстан, түштүк-батыштан Тажикстан, ал эми түштүк –чыгыштан Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Кыргызстандын калкы 5 миллиондон ашуун адам. Анын 66,9% кыргыздар, 14,14% өзбектер, 10,65% орустар жана 8,31% калган улуттар түзөт. Жалпысынан өлкөдө 80ден ашык улуттардын өкүлдөрү жашайт. Жалпы калктын 32,8% 14 жашка чейинки балдар түзөт. Эмгекке жарамдуулар калктын 56,1%, ал эми ишке жарамдуулардан улуулар – 8,7% түзөт. Кыргызстан – Чыгыш менен Батышты бириктире турган тогуз жолдун тоомунда – борбордук азия цивилизациясынын кан жолунда жайгашкан. Сулайман тоо, Өзгөндөгү тарыхый комплекс, Саймалуу таштагы сүрөттөр, Манастын күмбөзү, Таш-Рабат тарыхый кербен сарайы, Бурана мунарасы кыргыз жеринин байыркы тарыхтан калган кереметтери катары бааланат..
Мазмуну |
[оңдоо] Кыргыз Республикасы жөнүндө
[оңдоо] Кыргызстандын географиясы
Кыргызстанда деңиз жок. Кыргызстандын аймагынын төрттөн үч бөлүгүн тоолор ээлейт. Бийиктиги 7439 метрди түзгөн Жеңиш чокусу Кыргызстандын эң бийик жери.
Кыргыстандын аймагы эки тоо системасынын айланасында жайгашкан. Аянты боюнча чоң түндүк-чыгыш бөлүгү Тянь-Шанга кирет. Түштүк-батыш тарабы Памир-Алай тоолоруна карайт. Кыргызстандын мамлекеттик чек аралары тоо кыркалары аркылуу өтөт.
Республиканын бардык аймагы деңиз деңгээлинен 401 метр бийиктикте жайгашкан. Анын жарымынан көбүрөөгү 1000 метрден 3000 метрге чейин жана 3000 метрден 4000 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. Тоо кыркалары аймактын төрттөн бир бөлүгүн ээлейт жана негизинен кеңдик тарапты карай бири-бирине жанаша узатасынан жайгашкан.
Чыгышта Тянь-Шандын негизги тоо кыркалары басымдуу тоо кыркасын түзүп, Меридиандык тоо кыркасынын районунда жакындашып кетет. Бул жерде Кытай, Казакстан чектешкен жерлерде Жеңиш чокусу (7439) жана Хан-Теңири (6995) көтөрүлөт. Башкы орографикалык элементтер - Акшыйрак массиви, Көкшал тоо кыркасы, Тескей Ала-Тоо кыркасы, Күнгөй-Ала Тоо кыркасы, Кыргыз кыркасы, Фергана кыркасы.
Кыргызстандын түндүк-чыгышында деңиз деңгээлинен 1609 метр бийиктикте суунун көлөмү боюнча дүйнөдө бешинчи орунда жана тереңдиги боюнча жетинчи орунда турган Ысык-Көл көлү жайгашкан. Анын жээктеринде көп сандаган эс алуучу жайлар, пансионаттар, санаториялар, туристтик базалар бар.
Күнгөй Ала-Тоо кыркасы менен Тескей Ала-Тоо кыркаларынын ортосунда Ысык-Көл жайгашкан. Соң-Көл жана Чатыр-Көл да чоң көлдөрдүн катарына кирет. Ысык-Көлдөн 50 чакырым чыгыш тарапта Мерцбахер тоолуу, муздуу көлү жайгашкан. Көлдүн үстүндө дайыма муздар калкып жүрөт, жай мезгилинде суунун көлөмү көбөйүп, бирок, суу бат эле буркан-шаркан түшүп жок болуп кеткендиги менен белгилүү.
Кыргызстандын батыш тарабы Батыш Тянь-Шань тоолорунун аймагында жайгашкан. Анын негизги орографикалык элементтери - Талас өрөөнү, Талас Ала-Тоо кыркалары, Чаткал тоо кыркалары.
Кыргызстандын түштүк-батыш аймагына түндүк, Фергана өрөөнүнүн түндүк, чыгыш, жана түштүк тарабы кирет. Кыргызстандын түштүгүнө Түркистан тоо кыркаларынын түндүк тарабы, Алай тоо кыркасы, Алай өрөөнү жана Алай тоо кыркасынын түндүк тарабы (Эгемендүүлүк чокусу) кирет. Географиялык жактан Кыргызстан эки бөлүккө бөлүнөт. Түндүк жана түштүк. Түндүк менен түштүк бийик тоолуу Бишкек-Ош автомагистралы менен байланыштырылып турат. Түндүктөн түштүккө кеткен жол Төө-Ашуу (деңиз деңгээлинен 3800 метр бийиктикте) ашуусу, Суусамыр өрөөнү, Ала-Бел ашуусу (3200 м), Чычкан корук аймагы, Токтогул суу сактагычы, Көк-Бел (2700) жана Фергана өрөөнү аркылуу өтөт. Бишкек шаарындагы райондор: Ленин, Октябрь, Биринчи май, Свердлов.
Баткен областындагы райондор: Баткен, Кадамжай, Лейлек. Облус карамагындагы шаарлар: Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү. Жалал-Абад областына караштуу райондор: Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал. Облус карамагындагы шаарлар: Жалал-Абад, Кара-Көл, Майлы-Суу, Таш-Көмүр.
Ысык-Көл-областына караштуу райондор: Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Түп, Ысык-Көл. Облус карамагындагы шаарлар: Каракол, Балыкчы. Нарын облусуна караштуу райондор: Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын. Нарын облусунун карамгындагы шаар: Нарын. Ош областына караштуу райондор: Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай. Талас областына караштуу райондор: Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, Талас.
Чүй облусуна караштуу райондор: Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй. Областтын карамагындагы шаарлар: Токмок. Кыргызстан 7 административдик областка бөлүнөт — Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Баткен.
1991-жылдын 31-август айында Кыргызстан эркин мамлекет деп жарыяланган. 1993-жылдын 5-майында Республиканын Конституциясы кабыл алынган..
Кыргызстан Борбордук Азиянын орто бөлүгүндө, негизинен Теңир-Тоо аймагында жайгашкан. Жер түзүлүшү кеңири тараган кырка тоолордон жана аларды бөлүп турган тоолордун арасындагы өрөөндөрдөн турат. Республика түндүк жана түндүк-чыгышында Казакстан, чыгыш жана түштүк-чыгышында Кытай менен, түштүк жана түштүк-батышында Тажикстан, батышында Өзбекстан менен чектеш. Батыштан чыгышка карай 900 чакырымга, түндүктөн түштүккө карай 415 чакырымга созулат; чек аранын жалпы узундугу 4508 чакырым, болжол менен түндүк кеңдигинин 39 жана 43 градусунун ортосунда турат.
Кыргызстан – бийик тоолуу өлкө. Республиканын аймагынын 90%га жакыны деңиз деңгээлинен 1500 метр бийиктикте турат. Орточо бийиктиги 2750 метр, эң чоң бийиктиги 7439 метр (Жеңиш чокусу), эң төмөнкү жери 401 метр (Лейлек району), климаты континенталдык. Дайралардын көпчүлүгү Сыр дарыяга куят, ал сугатка пайдаланылып жаткан суусунун байлыгы менен айырмаланат, көлдөрү көп, алардын ичинен эң чоңу Ысык-Көл (аянты 6236 чарчы чаккырым). Кыргызстандын аянты 198,5 миң чарчы чакырым. Калкынын саны 4822,9 миң адам (бул 1999-жылдагы эл каттонун маалыматы боюнча). Түпкүлүктүү улуту - кыргыздар 3128 миң адам. Кыргызстанда калктын 35%ы шаардыктар, ал эми 65%ын айыл калкы түзөт.(1999)
Кыргызстан көп улуттуу унитардык мамлекет. Административдик жагынан Кыргызстандын аймагы жети облуска бөлүнөт. Алар - Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустары. Ар бир облус райондорго бөлүнгөн. Республикада административдик 40 район, 22 шаар бар. Райондор 429 айыл кеңештеринен бөлүнгөн.(Таблицаны карагыла)..
Республиканын борбору Бишкек шаары. Шаар Кыргыз Ала-Тоо этегинин түндүк тарабында, Чүй өрөөнүнүн борборунда деңиз денгээлинен 700-900 метр бийиктикте жайгашкан. Бишкек Борбордук Азиядагы эң ири шаарлардын бири жана Кыргызстандагы эң чоң шаар, аянты 15,7 миң гектар. Калкынын саны 762,3 миң адам (1999). Админстративдик - аймактык 4 бирдикке (райондорго) бөлүнгөн. Чеп катары 1825- жылы негизделген. 1878-жылы борбордук уездик шаардын укугун алган 1924-жылы Кыргыз автономиялуу облусунун саясый- админстративдик борбору болгон.1926 - жылдан тартып көрүнүнктүү полководец М.В. Фрунзенин ысмын алып жүргөн, 1991-жылдан тартып ага өзүнүн тарыхый Бишкек деген аты кайтарылган.
[оңдоо] Кыскача тарыхый маалымат
[оңдоо] Алгачкы кыргыз улуту жөнүндө эскертме
Кыргыздар өзүнө берген аталышты билдирген "кыргыз" сөзү түрк тилдери аркылуу гана чечмеленет. "Кыргыз" аталышын чечмелеген ар кыл варианттар бар. Алардын бири болуп "кыргыз" сөзү "кызыл" түстү туюундурат. Байыркы каракалпак эпосунда "кырк-кыз" сөзүнөн келип чыккан деп дагы божомолдошот. "Кыргыз"этнониминин маанисин так жана туура чечмелөө алда кыйын жанаа татаал. Советтер Союзу таркагандан кийин эгемендүү Кыргызстанда тарыхка болгон чоң кызыкчылыктар жана жаңыча көз караштар пайда боло баштады.
Байыркы кыргыз улутунун келип чыгышына мурунку убакта мынчалык көп маани берилген эмес, алгачкы кыргыз жөнүндө маалымат б. з. ч 569 жылы византия императору Юстианин II Земарх белекке кыргыз кулун алганы тууралу эскерилип жазылат. [1]
Азыркы официалдык версияга таянсак биздин заманга чейинки 201-жылы гегун (мангол тилинде жеке кыркун түрүн билдирет) аты менен кыргыздар жөнүндө көптөгөн кылымдыр мурун эле кытай жазмаларында жазылып келген. "Илимий" байыркы кыргыздырды аныктоо , тапшырмасы менен иштеп жаткан тарыхчылардын ою боюнча кыргыз журту жөнүндө биздин заманга чейинки III кылымда тактап айтканда 22 кылым мурун эскерип келген. Андан бери кыргыз калкы Ала-Тоо областына карай көптөгөн баскычтардан өтүп "Енесай"аркылуу ыйык империя доорунан өткөн.
Кыргыздар жөнүндө алгачкы тарых күбөлүгү болуп биздин заманга чейинки 201 жылы Сыма Цяндын "Тарыхтык жазмалар" (Щи-цзи) эмгегинде мындай кабар бар: "Хундардын падышасы кийинчереек түндүктө хуньүй, күйше, динлин, кыргыз, синьли сыяктуу мамлекеттерди каратты".
Жеңилген өлкөлөрдүн небактан берки бийлик жүргүзгөн өкүмдарлары менен ак сөөктөрү ошондо Моде Шанүйдүн хандык бийлигин таанышат. Кызыгы, кытайча "хань"сөзү - акылман, өтө жөндөмдүү, жакшылык кылуудан аянбаган өкүмдар дегенди билдирген.
Б.з.ч. III кылымдын соңунда кыргыздардын ээлиги "го" (мамлекет) термини менен коштолгонун кытайлык окумуштуу Мухаммед Ху Чженхуа, ж.б. илимпоздор тактап аныкташты. Натыйжада тарыхчылар мындан 2200 жыл илгери кыргыз мамлекеттүүлүгү болгон деген тыянак жарыялашат.
2003 жылы Кыргыз Республикасынын президентинин №184 11.07.2002 указы менен кыргыз мамлекетүүлүгүнүн жана дүнүйө коомчулугу кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200-жылдык мааракесин белгиледи. Бул иш-чара Бириккен Улуттар Уюумунун жана Юнесконун колдоосунун астында өткөн. [2]
[оңдоо] Борбору
[оңдоо] Областтары
- Баткен областы
- Жалал-Абад областы
- Нарын областы
- Ош областы
- Талас областы
- Чүй областы
- Ысык-Көл областы
Кыргыз Республикасынын администрациялык бөлүнүшү
[оңдоо] Жер, суулары
Кыргыз Республикасынын аймагы батыштан чыгышка карай 900 чакырымга, ал эми түндүктөн түштүккө карай 410 чакырымга созулат. Кыргызстандын аянты 199,9 миң квадрат чакырым.
Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2750 метр, эң бийик жери - 7439 метр (Жеңиш чокусу), эң жапыс жери - 394 метр (республиканын түштүк-чыгыш аймагында). Кыргызстан - тоолуу өлкө. Республикада түстүү жана сейрек учурай турган металлдар, көмүр жана башка кен-байлыктар бар. Климаты континенталдуу. Дарыялары негизинен Сырдарыяга куят, анын башкы булагы - Нарын). Ысык-Көл, Соңкөл, Чатыркөл, Сарычелек сыяктуу кооз көлдөр бар.
[оңдоо] Мамлекеттик түзүлүш
Кыргыз Республикасы - эгемендүү, унитардык, укуктук, динден тышкары, демократиялык республика. Азыр колдонулуп жаткан Конституциясы 1993 -жылы 5-майда кабыл алынган.
Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийликке Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңеши, Өкмөтү жана ага баш ийген аткаруу бийлик органдары, Конституциялык Соту, Жогорку Соту, жергиликтүү соттору жана судьялары өкүлчүлүк кылат жана жүзөгө ашырышат.
Мамлекет башчысы - бүткүл эл тарабынан беш жылга шайланган Президент.
Жогорку мыйзам чыгаруучу органы — Жогорку Кеңеш (парламент). 2003 жылдагы референдумдун жыйынтыгы менен 2005 жылдан тартып бир палаталуу парламент (беш жылга шайланган 75 депутат) иштей баштаган.
Өкмөт премьер-министрден (президенттин көрсөтмөсү боюнча парламент дайындаган), вице-премьер-министрлерден жана министрлерден турат.
Шайлоо укугу 18ге толгон бардык атуулдарга берилген.
[оңдоо] Майрамдары
Кыргыз Республикасынын майрамдары
[оңдоо] Жалпы жыйынтык
- ↑ Istorija Kirgizstana [онлайн]. Institut strategičeskogo analiza i prognoza, 2005 [цит. 17. 11. 2006]. <http://www.easttime.ru/countries/topics/1/4/31.html>. Also Enciklopedicheskij slovar' Brokgauza i Efrona. Peterburg, 1890-1907. In: KOKAISL Petr, KOKAISLOVÁ Pavla. The Kyrgyz - Children of Manas. Кыргыздар - Манастын балдары. Prague / Прага: Аlterra and Za hranice: Společnost pro rozvojovou spolupráci při Provozně ekonomické fakultě ČZU v Praze. Fellowship for development cooperation, 2009. 290 p.
- ↑ KOKAISL Petr, KOKAISLOVÁ Pavla. The Kyrgyz - Children of Manas. Кыргыздар - Манастын балдары. Prague / Прага: Аlterra and Za hranice: Společnost pro rozvojovou spolupráci při Provozně ekonomické fakultě ČZU v Praze. Fellowship for development cooperation, 2009. 290 p.
[оңдоо] Шилтемелер
жаңы шилтемелер төмөнкү сапка койулушу керек - хронологияны сактайлы
- "Азаттык" үналгысы
- Би-Би-Синин кыргыз кызматы
- Кыргыз гезиттери
- Кыргыз китептери
- КР президентинин интернет сайты
- КР Жогорку Кеңеши
- «Кабар» маалымат агентствосу
- Кыргызча маалыматтык - көңүл ачуу порталы
- Кыргыз жаштар клубу
|
|
|
|---|---|
| Азербайжан | Армения | Беларусь | Казакстан | Кыргызстан | Молдова | Орусия | Тажикстан | Түркмөнстан | Өзбекстан | Украина | |
|
|
|
|---|---|
| Азербайжан | Казакстан | Кыргызстан | Түркия | Түркмөнстан | Өзбекстан | |