Кыргыз Республикасынын президенти

Википедия дан
Кыргыз Республикасынын президенти
Flag of the President of Kyrgyzstan.svg
Кызматты ээлеген
Садыр Жапаров
28-январь 2021-жылдан тарта
Расмий резиденциясы

№1 «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясы
Ак үй

Талапкерди сунуштоо

Түз шайлоо

Дайындалган мөөнөтү

6 жыл

Кызматтын пайда болгону

27 октябрь 1990 (1990-10-27)

Кызматтын биринчи ыйгарылганы

Аскар Акаев

Сайты

president.kg

Кыргыз Республикасынын президенти - мамлекет башчысы жана куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы болуп саналат. Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат. Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 6 жылга шайланат. Бир эле адам эки жолу Президент болуп шайлана албайт. Кыргыз Республикасынын Президенти болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.

Ант берүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мен, (аты-жөнү), Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришип жатып, өз элимдин алдында жана Ала-Тоо ыйык Ата, мен ант Кыргыз Республикасынын Башмыйзамынын сыйлоого жана коргоого жана анын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, урмат-сый эгемендигин жана көз карандысыздыгын коргоого жана урмат-сый менен Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын эркиндиги менен укуктарын камсыз кылуу жана талыкпай жогорку милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын президенти, бүткүл эл ишенип мага жүктөгөн! Кудай бизди коргой берсин!

Президенттин штандарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын президентинин штандарты

Кыргыз Республикасынын Президентинин штандарты Кыргыз Республикасындагы Президенттик бийликтин айырма белгиси жана символу болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президентинин штандарты Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка киришкенде тапшырылат. Кыргыз Республикасынын Президентинин штандартынын түп нускасынын турган жери Кыргыз Республикасынын борбор шаары - Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясындагы кызматтык кабинет болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президентинин штандартынын дубликаты республиканын борбор шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясынын үстүнө, Кыргыз Республикасынын Президенти аларда болгон убакта башка резиденциялардын үстүнө, Кыргыз Республикасынын Президентинин транспорт каражаттарына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги менен катар орнотулат; Мамлекет башчысынын катышуусу менен болгон салтанаттуу жана башка аземдерде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги менен катар орнотулушу мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин штандартынын баяндамасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Президентинин штандарты (желеги) кеңдиги 50 мм алтын тасма жана алтын чачыктар менен жээктелген кызыл түстөгү (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин түсүндөгү) кездеме болуп саналат. Кездеменин кеңдиги анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Геометриялык борборунда алтын тегерек орун алып, анын диаметри желектин кеңдигинин бештен үчүн түзөт. Алтын тегеректин борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин стилдештирилген сүрөттөлүшү жайгаштырылат: алтын түстөгү айлананын борборунда жайгаштырылган канаттары жайылган ак шумкар жана арткы планда жайгаштырылган көл, Ала-Тоонун кыркалары жана алтын сымал түстөгү шоолалары бар чыгып келе жаткан күн. Айлананы тегерете алтын менен: "Кыргыз Республикасынын Президенти" деген жазуу жайгаштырылат. Жазуунун тамгаларынын өлчөмү алтын тегеректин диаметринин жетиден бирин түзөт. Штандарттын сабына мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын Президентинин фамилиясы, ысымы жана атасынын аты менен анын шайлануу мөөнөтүн көрсөткөн дата чегип түшүрүлгөн күмүш тээк бекитилет. Штандарттын сабы найзанын учу түрүндөгү алтын түпөк менен бүтөт.

Президенттин белгиси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын президентинин белгиси

Кыргыз Республикасынын Президентинин белгиси Кыргыз Республикасындагы Президенттик бийликтин айырма белгиси жана символу болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президентинин белгиси Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка киришкенде тапшырылат. Кыргыз Республикасынын Президентинин белгисинин турган жери Кыргыз Республикасынын борбор шаары - Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясындагы кызматтык кабинет болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин белгисинин баяндамасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Президенттик бийликтин символу - Кыргыз Республикасынын Президентинин белгиси белгиден жана белгинин чынжырчасынан турат. Кыргыз Республикасынын Президентинин белгиси 7500 үлгүдөгү алтындан даярдалат жана эки элементтен турат;

  • байыркы оймо шарданынан - байыркы кыргыздардын эң сыйлуу кудайларынын бири болгон Ыйык Умай Энеден - анын Ааламдын үстүнө каалгый учкан канаттуу түрүндөгү символдук сүрөттөлүшүнөн;
  • Кыргыз Республикасында жашаган элдердин бүтүндүгүнүн, бөлүнбөстүгүнүн жана көп түрдүүлүгүнүн символу болгон, иштетүүсү жана сапаты боюнча өзгөчө алтын сымал түстөгү цитринден (массасы 105,2 карат, диаметри 35,5 мм).

Белгинин чынжырчасы алтындан даярдалган жана бири-бирин кайталаган элементтерден туруп, алардын бир бөлүгү түндүк түрүндө, башка бөлүгү борборуна Кыргыз Республикасынын администрациялык түзүлүшүнүн символу болгон ири бермет жайгаштырылган симметриялык сегиз нурлуу алтын жылдыз түрүндө болот. Белгинин чынжырчасынын жогорку бөлүгүндө жайгашкан пластинанын арткы жагына мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын Президентинин фамилиясы, ысымы жана атасынын аты менен анын кызматка кирген убактысы чегерилип жазылат.

Кыргыз Республикасынын президенттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Президент Сүрөтү Иштөө мөөнөтүнүн башталышы Иштөө мөөнөтүнүн соңу Кошумча маалымат
1 Аскар Акаев
(т.ж 1944)
27-октябрь 1990-жыл 24-март 2005-жыл Эгемен Кыргызстандын Президенти болуп 1991-жылдын 13-октябрында шайланган

Сарыбагыш


(м. а.)
Ишенбай Кадырбеков
(т.ж 1949)
24-март 2005-жыл[1] 24-март 2005-жыл Президенттин милдетин аткаруучу болуп бир канча саат гана иштеген
2 Курманбек Бакиев
(т.ж 1949)
24-март 2005-жыл 7-апрель 2010-жыл 2005-жылдын 24-мартынан 14-августуна чейин - президенттин милдетин аткаруучу кызматын өтөгөн.

Тейит

3 Роза Отунбаева
(т.ж 1950)
7-апрель 2010-жыл 1-декабрь 2011-жыл

(Кыргыз Республикасынын убактылуу өкмөтүнүн декретининин негизинде)

Кыргыз Республикасынын өткөөл президенти

Саруу (уруу)

4 Алмазбек Атамбаев
(т.ж 1956)
1-декабрь 2011-жыл 24-ноябрь 2017-жыл Кыргыз Республикасынын премьер-министр кезинде Президенттикке шайланган

кытай

5 Сооронбай Жээнбеков
(т.ж 1958)
24-ноябрь 2017-жыл 15-октябрь 2020-жыл Кыргыз Республикасынын президенти болуп 2017-жылдын 15-октябрында шайланган

жору


(м. а.)
Садыр Жапаров
(т.ж 1968)
15-октябрь 2020-жыл 14-ноябрь 2020-жыл 2020-жылдын 15-октябрында премьер-министрдик кызматы менен кошо Президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган

(м. а.)
Талант Мамытов
(т.ж 1976)
14-ноябрь 2020-жыл 28-январь 2021-жыл Садыр Жапаровдун Президенттик шайлоого катышуусуна байланыштуу ЖК'тин төрагасы менен катар Президенттин милдетин аткаруучусу
6 Садыр Жапаров
(т.ж 1968)
28-январь 2021-жыл азыркы учурда Кыргыз Республикасынын президенти болуп 2021-жылдын 10-январында шайланган

Бугу

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын президентинин расмий сайты

  1. И.о. президента Киргизии назначен Ишенбай Кадырбеков