Геометрия

Wikipedia дан
Балдарга геометрия сабагынан үйрөтүү.Иллюстрациялоо париждеги Евклиддин «Башталышы», XIV кылымдын башыда.

Геометрия – тегиздиктеги (планиметрия) жана мейкиндиктеги (стереометрия) фигуралардын касиеттерин иликтеп үйрөнүүчү математиканын бөлүгү.

Геометрия термини (латын тилинде «гео» – жер, «метрия» – ченейм) жер ченөө деген сөздөн келип чыккан. Демек, геометрия илиминин элементтери биздин эрага чейин көп кылымдар мурда эле пайда болгон. Мисалы, Евклидге чейинки математиктер тегеректин аянтын жана шардын көлөмүн эсептөөнү билишкен. Геометрияны математика илиминин өз алдынча бөлүгү катары системалаштырылган биринчи эмгек.

IV–III кылымдарда жашаган грек математиги Евклиддин «Башталышы» болгон . Евклидге чейин геометрия илиминин өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон окумуштуулар Милетте төрөлгөн жана б. з. ч. VI кылымда жашаган окумуштуу илимпоздордун Милет мектебин түзгөн Фалес жана Кичи Азия жээктеринде жакын жайгашкан Симос аралында б. з. ч. VI к-да төрөлгөн, Грециянын колониясы болгон Италиянын түштүгүндө Кротон шаарында өзүнүн мектебин түзгөн Пифагорлор болушкан. Фалес соодагер болгон. Соода иштери боюнча Египет, Азия, Халдей жана башка өлкөлөргө каттап турган жана өзүнүн билимин ал жерлердеги окумуштуулардын эмгектери аркылуу байытканга аракеттенген. Фалес математикага алгачкы болуп далилдөөнү киргизген. Пифогор дагы Египет, Вавилон жана башка жерлерди көп кыдырган жана өзүнүн билимин тереңдеткен. Пифагорго чейин Кытайда, Вавилондо, Египетте Пифагордун атын алып жүргөн теорема белгилүү болгон жана далилденген.


Геометрия илиминин өсүшүнө X–XI кылымдарда жашашкан окумуштуу-илимпоздор Бируни жана Омар Хайямдар зор салым кошушкан Бируни синустардын теоремасын жана сферикалык синустардын теоремасын далилдеген. Омар Хайям Евклиддин «Башталышына» көптөгөн толуктоолорду киргизген. Ошондой эле геометрия илиминин өнүгүшүнө ХV–XIX кылымдарда жашашкан Виет, Декарт, Паскаль, Лобачевский, Янош Боян, Риман жана башка математиктер чоң салым кошушкан. Геометриялык фигуралардын касиеттерин окуп үйрөнүү үчүн Декарт координата системасын киргизген.

Орустун улуу математиги Н. Лобачевский Евклиддик эмес геометрияны түзгөн. Геометрия мектепте математикалык циклдеги негизги окуу предмети болуп эсептелет. Геометриянын элементтери башталгыч мектептин математика курсунда орчундуу орунду ээлейт. 5-6-класста геометрияны системалык курсун окуп үйрөнүүгө даярдык көрүлөт. Ал эми 7–класстан тартып геометриянын системалык курсу башталат. Мектеп курсунда геометриянын планиметрия жана стереометрия бөлүктөрү окулат. Планиметрия бөлүгүндө тегиздиктеги фигуралар: чекит, түз сызык, кесинди, үч бурчтуктар жана алардын түрлөрү; төрт бурчтуктар жана алардын түрлөрү; көп бурчтуктар, анын ичинде туура көп бурчтуктар; айлана жана айлананын бөлүктөрүнүн касиеттери окулат. Ал эми стереометрия бөлүгүндө мейкиндиктеги фигуралар: призма жана анын түрлөрү; пирамида жана кесилген пирамида, цилиндр, конус жана кесилген конус, шар жана шардын бөлүк-төрү, алардын касиеттери окулат. Ошондой эле тегиздиктеги жана мейкиндиктеги кээ бир геометриялык өзгөртүп түзүүлөр каралат. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,