Омар Хайям

Википедия дан
Омар Хаййям (1048-1131)

Омар Хайям (Омар Хаййам), Гиясаддин Абул-Фатх ибн Ибрахим (1048-ж. чен, Нишапур – 1131) – фарсы акыны, математик, философ, ойчул.

Кыскача өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Омар Хайямдын өмүрүнүн көбү Борбордук Азия жана Иран аймактарындагы Балх, Самарканд, Исфахан ж. б. шаарларда өткөн.

Философияда Аристотель менен Ибн Синанын жолун жолдогон. Математика боюнча Омар Хайямдын бизге жеткен эмгектери аны улуу окумуштуу катары мүнөздөйт.

Математикалык трактатында теңдемелердин чыгарылышын 3-даражасына чейинки геом. формада системага салган. «Евклид китебинин татаал жоболоруна түшүндүрмө» аттуу трактатынын мазмунун параллелдер жөнүндөгү оригиналдуу теория түзөт.

Омар Хайям акын катары дүйнөгө рубаилери (төрт саптар) менен таанылган.
Ал төрт саптардын канчасы Омар Хайямга тиешелүү экени алигиче тактала элек.
Омар Хайямдын лирикасы фарси-тажик поэзиясынын жалпы агымынан кескин бөлүнүп турат.

Анын поэзиясында өлгөндөрдүн чөпкө айланышы жана чөп менен жандуулардын тамактанышы түбөлүк кыймылдагы материя жөнүндө каңкуулап, дүйнө менен жеке адамдын байланышы айкындалат; шарап даңазаланып, тиги дүйнөдө жашоо жок дегендей тыянак чыгарылат.

Рубаилердин негизги идеясы – сопусунгандарды ашкерелөө, эки жүздүүлүктү жек көрүү, пенденин эркиндигин жактоо. Омар Хайям көп учурда ырларынын лирикалык каарманын эркин пенде катары көрсөткөн. Анын каарманы – бунтчул жана зордук-зомбулукка келишпес, кудайсыз.

Бирок Омар Хайямдын чыгармаларында татаал жана карама-каршы маселелер бир кыйла.

Изилдөөчүлөр тарабынан анын рубаилери карама-каршылыктуу талданып жүргөндүгү ушуну менен түшүндүрүлөт.

Чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине, анын ичинде кыргыз тилине да которулган.


Рубаилеринен[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ак жүрүп, арам ишке баспай кадам,

Вино ичсем Дилбар менен неси жаман?

Кудайга жалын дешет “ичирбе” деп,

Жалынбайм. Ичпегендин өзү жаман.

        • ****

Катылган аалам сырын кимдер билет?

Дүйнөдөн бири кетсе бири келет.

Ачыгы: дүйнө идиш, а биз шарап,

Идишке куюштурат бизди ченеп.
(Которгон Амирбек Аззам уулу). [1]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Browne, E. (1899). Yet More Light on 'Umar-i-Khayyām. Journal of the Royal Asiatic Society of Great Britain and Ireland, 409-420.
  • Turner, Howard R. (1997). Science in Medieval Islam: An Illustrated Introduction. University of Texas Press. ISBN 0-292-78149-0.
  • Jos Biegstraaten (2008). "Omar Khayyam (Impact On Literature And Society In The West)". Encyclopaedia Iranica. vol. 15. Encyclopaedia Iranica Foundation.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилине которулган чыгармалары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башка маалыматтар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://www.azattyk.org/a/poetry_rubaiyat_omar_khayyam_wine_paradise/27624699.html