Символ

Википедия дан

Символ (грек — шартуу белги) — бир көрүнүш-окуяны, предметти же сөздү башка бир көрүнүш-окуя, предмет же сөз менен берүүчү шарттуу белги.

Символдор турмушта жана адабиятта өтө узак мезгилдерден бери эле колдонулуп келе жатат. Мисалы: көгүчкөн — тынчтыктын, орок жана балка — жумушчу-дыйкан табынын биримдигинин символу Символдорду туура пайдалануу, аны көркөм деталдан чоң образ деңгээлине көтөрүп чыгуу жазуучудан көп чеберчиликти талап кылат. Мисалы: Ч. Айтматовдун «Ак кеме» повестинде көлдө сүзүп жүргөн кеме — баланын романтикасы үчүн актыктын, тазалыктын символу. Ал эми дүрбүнүн да символдук мааниси бар. Эгер ал Орозкулдун, Момундун же Сейдакматтын колунда болсо, жөн гана алысты жакындатып же жакынды алыстатып көрсөтүүчү буюм катары кызмат кылмак, а бала үчүн ал буюмдун (дүрбүлүк) функциясынан өйдө көтөрүлүп, предмет — символ деңгээлине жетет, б. а. турмушту, адамдарды, алардагы кара өзгөйлүк менен адилеттүүлүктү даана көрүүгө жардам берет. Повесттеги баланын образы өзү да белгилүү даражада символдук образ.

Булак: http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine