Аскар Акаев
Wikipedia дан
Аскар Акаев 1944-жылы 10-ноябрда Кемин районунун Кызыл Байрак айлында туулган. 1968 жылы Ленинград институтун бүтүргөн. 1972-1973 жылдары Фрунзеде Политехникалык университетинде иштеген.
Акаев А. 12-октябрь 1991-жылы эгемендүү Кыргызстандын биринчи президенти болуп шайланган. 1995 жана 2000 жылдары эки жолу дагы президент болуп шайланган. 2005 жылы элдик көтөрүлүштөн кийин бийлик укуктарын өткөрүп берген.
Азыркы убакта Акаев А. Москвада МГУда билим берип, илимий иштерин улантып жүрөт.
Акаев А. - техникалык илимдеринин доктору (1981), профессор (1983), Кыргыз Республиканын Илимдер академиясынын академиги(1987). 80ден ашык илимий иштери, 43төн ашык макаласы, 7 ойлоп-табуусу, 38 тезис-доклады жана 5 монографиясы бар. Ал 20 кандидат жана 3 доктор даярдаган.