Уйгурлар

Wikipedia дан
Уйгур абышка

УйгурларКытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялүү районунун жергиликтүү калкы. Туткан дини боюнча мусулман-сунниттер. Байыркы түрк тилдүү калктардын бири,саны 10 миллиондон ашат. Үчүнчү Уйгур каганаттыгынын учурунда "уйгурлар" деген жалпы аталыш кабыл алынган. Абулгази (1603-1663) "Түрктөрдүн санжырасы" аттуу жылнамасында "уйгур" этноними "бириктирүү, баш коштуруу" түрк сөзүнөн келип чыккан дейт. Махмуд Кашгари, "уйгур" аталышы Александр Македонскийге каршы чыккан атчандар "худхуранд" ("шумкар сымал, аң улоодо эч бир айбан качырбаган") cөзүнөн "худхур" деп кыскартылып "уйгур" сөзүнө айланган.