Калкы

Wikipedia дан

Калк – белгилүү бир өлкөдө, же дүйнөнүн, же жердин бөлүгүндө жашаган адамдардын бүтүндөй жыйындысы (адамзат).

Файл:Жер планетасынын калкы.jpeg
Ынтымактуу Жер калкы

Калк атайын демография (гр. demos – калк жана графия - эл) илиминин предмети. Бул термин 1855-жылы француз окумуштуусу А. Гийар тарабынан киргизилген. Бул илим калктын өнүгүшүнүн структурасынын, жайгашуусунун жана динамикасынын мыйзам-ченемин үйрөтүүчү илим, калк теориясын, саясатын иштеп чыгып, анын санын болжолдуу чамалайт. Ошону менен катар демография төрөлүүнүн, никелешүүнү, ажырашууну, өлүм-житимди, билимдүүлүктү социалдык-таптык түзүмү структураны, расалык, тилдик, улуттук составды, калктын миграциясын, урбанизациясын карайт.

Калктын буржуазиялык теориясы калктын өнүгүшүнүн бардык процесстери биологиялык жана географиялык факторлор менен детерминацияланышын таанууга негизделген. Мындай окуулардын көпкө таанымал малтузианчылык теория адамдардын жакырчылыгын анын дүркүрөп өсүшү менен туюндурат. Калктын марксисттик теориясы демографиялык процесстерге социалдык экономикалык факторлордун чечүүчү таасири бар экенин танбайт.

Калк негизги мыйзамынын маңызы калктын толук жана рационалдык түрдө коомдук эмгек менен алектенишин жана анын санын оптималдуу түрдө өстүрүү болгон. Калк мыйзамынын толук жүзөгө ашырылышын камсыз кылуу үчүн тиешелүү демографиялык саясат жүргүзүүнү, жаратылышты рационалдык пайдалануу менен айкаштыруу зарыл. Мындай көз караштан калктын эмгекке жарамдуу бөлүгү коомдун негизги өндүрүш күчтөрү болушат, калктын жаш курагы да белгилүү мааниге ээ. Бул калктын контингентинде калктын жумушка жараганга чейинки, жумушка жарамдуу, жумушка жарамдуулуктан өткөн курактарын аныктоого мүмкүндүк берет. Экономикалык өнүккөн өлкөлөрдө калктын ичинде жашы 60-тан ашкандардын көбөйгөнү басымдуулук кылып, калктын картаюу процессин туюндурат.

Демографиялык саясат төрөлүү деңгээлин оптималдаштырууга, никелешүүлөрдүн деңгээлин жогорулатып, ажырашууларды азайтуу, өлүм-житимди кыскартуу, миграция процессин рационалдаштыруу, урбанизацияны жөнгө салууга багытталат. Жер калкынын өсүш темпи 20-кылымдын 70-жылдары 2%-ке жетип, андан ары өсүп келет. Азыркы учурдагы адамзаттын мындай сандык өсүшү жер шарынын ойлондуруп, «өсүүнүн пределин» аныктоону талап кылып калды. Андыктан үй-бүлөнү пландоо саясаты жүргүзүлөт.

Жер калкынын динамикасы: Алгачкы палеолит доорунда жер калкы 100–200 миң, соңку палеолитте 1 млн., а неолит доорунун башында – 10 млн-ду, анын акырында 50 млнду түзгөн. Жер иштетүүгө байланыштуу өсүү темптин ыкчамдоосу башталган. Биздин доордун башында жалпы Жер калкы – 230 млн, а 19-кылымдын башында – 1 млрд, адам, 1930-ж. – 2 млрд, 1961-ж. – 3 млрд, 1976-ж. – 4 млрд., 1980-ж.

Жер калкынын саны 4,4 млрд. адамды түзгөн. 20-кылымда 70-жылдан баштап жер калкынын жылдык өсүшү көбөйүп, «демографиялык жарылуу» жөнүндө ойлондура баштады. Үй-бүлөдө балдардын санын жөнгө салуу, башкача айтканда аң-сезимдүүлүк менен ата-эне болууга алып келген социалдык-экономикалык факторлордун (индустриалаштыруу, урбанизацияштыруу, аялдардын коомдук иштерге тартылуусунун артышы менен , маданияттын жалпы өнүгүшү) таасири астында калктын өсүш темпинин төмөндөөсү башталат. Үчүнчү миң жылдыктын башынан тартып үй-бүлөнү пландоо бүткүл Жер калкына жайылтылат. Эгер ар бир никелешкен түгөйгө 2,2–2,5 бала туура келгендей деңгээлде пландаштыруу ишке ашса, 21-кылымдын аягында калктын саны 11–12 млрд., адамга жетет деген божомолдун негизи бар.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8