Демография

Википедия дан

Демография (б.-грек. δῆμοςкалк жана б.-грек. γράφω – жазамын) – калктын коомдук-тарыхый шартка жараша өнүгүү мыйзам ченеми жөнүндөгү илим; коомдук илимдерге кирет. Ал негизинен калктын өсүшүн, муун алмашуусунун негизинде элдин жаңыланып турушун изилдейт.

Элдин саны өлүм-житим, жаңы төрөлгөндөр жана башкалардын натыйжасында өзгөрүп турат: айрым аймактын калкына эл кошулат (иммиграция), башка жакка көчүп кетет (эмиграция). Андан тышкары: адам үйлөнөт, ажырашат, балалуу болот, улгаят, билими жогорулайт, адистиги, социалдык абалы алмашат. Демография калктын жана анын айрым топторунун жаңыланышынын динамикасын демографиялык процесстерди (калктын табигый кыймыл процесстери) талдоо аркылуу айкындайт.

Ошондой эле демография калктын курактык-жыныстык, нике жана үй-бүлөлүк түзүлүштөгү өзгөрүүлөрүн, калк санынын жалпы мыйзам ченемдүү өзгөрүүлөрүн да изилдейт. Демография илиминин негиздөөчүсү англиялык илимпоз Жон Граунт (1620-74) болгон. Россияда биринчи демографиялык эмгек Д. Бернуллиге таандык. Демографиялык изилдөөлөр анда жүрүп турган процесстердин тенденциялары менен факторлорун белгилүү аймакта жана түрдүү мезгилде изилдөөгө багытталган. Демография төрөлгөндөр менен өлгөндөрдүн санынын өзгөчөлүктөрүн изилдеп, прогноз түзөт. Калктын саны менен түзүлүшү жөнүндө болжолдуу жана чыныгы материалдар демографиялык саясаттын өзөгүн түзөт. Демографияда калк жөнүндө маалыматты топтоп, аны тандап жана өзгөчө бөлүмдү (демографиялык статистика) түзгөн статистикалык ыкмалар негизги орунга ээ. Демографиялык процесстердин байланышы жөнүндө сандык мүнөздөмөлөр матем. түрдүү ыкмалар менен жүзөгө ашат.

Ошондой эле графиктик ыкмалар кеңири колдонулат. Ал эми демографиялык процесстер менен айрым аймактардын түзүлүштөрүн салыштыруу картографиялык изилдөө ыкмасы аркылуу ишке ашырылат. Андан тышкары демография калкты иликтеген илимдердин изилдөөлөрүяүн жыйынтыгы менен ыкмаларын да колдонот. Мисалы, демографиялык процесстердин социалдык мүнөздөгү аспектилери демографиянын социология, антропология жана медициналык география менен тыгыз байланышта экендигин айгинелейт. Калктын отурукташуусу, миграциясы жана башка. Демографиялык процесстер демографияны калк географиясы, этностук өзгөчөлүктөрү, этнография, аймактарда калкты отурукташтырууга багытталган изилдөөлөр геодемография (калк географиясы менен демографиянын айкалышынан пайда болуп, геодемографиялык абалды илимий изилдөөгө арналган жаңы илимий багыт) менен байланыштырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5