Жаңы жыл

Википедия дан
Жаңы жыл
Жаңы жыл
Бишкек Жаңы жылдык балаты (2017)
Түрү Дүйнө жүзүндө майрамдалат
Себеби Жаңы жылды белгилөө
Башталган күнү 31-декабрь (Бештин айынын 31и)
Бүткөн күнү 1-январь (Үчтүн айынын 1и)
Датасы 31-декабрь (Бештин айынын 31и)
Майрамдоо үй-бүлөлүк
Салты үй-бүлө менен чогулуп, кечелерди уюштуруу

Жаӊы жыл – дүйнөнүн көптөгөн элдери белгилеген майрам. Жаӊы жылды майрамдоо Месопотамияда 3-миӊ жылдыкта эле пайда болгон. 1-январдан (Үчтүн айынын биринен) баштап жылдын башталышы деп Рим башкаруучусу Юлий Цезарь тарабынан б.ч.з 46-жылы киргизилген. Бул күн башталган ай Байыркы Римде Янус (Тандоонун, баардык башталыштын кудайы) кудайына арналып январь деп аталган. Янус кудайынын эки бети болгон, бирөө - алдын, экинчиси – артын карап турган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаӊы жылды белгилөө биздин доорго чейинки (б.з.ч) IV кылымда Месопотамияда пайда болгон (азыркы Ирак, Сирия, Түркия, Иран мамлекеттерин камтыган аймак). Бирок алар аны март айында белгилешчү. Анткени бул айда талаа иштери башталат, жылдын башы деп билишчү. Кийин биздин доорго чейинки 46-жылы Рим императору Юлий Цезарь жаӊы жыл 1-январда башталат деген буйрук чыгарган. Аталган майрам Орусияга 1700-жылы жеткен. Ошол убактагы император Пётр I жаӊы жылды майрамдоо демилгесин көтөрүп чыккан.

Жаӊы жылдык атрибуттардын тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дүйнөдө канчалаган улут, мамлекет бар. Алардын ар биринин салты, жашоо принциптери ар башкача. Бири-бирине окшобогон адамзатын бириктирүүчү нерсе – Жаӊы жыл. Бул майрамда салттуу түрдө балатыны кооздоп, шампан аттырып, оливье салатын жасап көнгөнбүз. А бирок эмнеден улам балатыны кооздойбуз? Эмне үчүн сөзсүз оливье салаты дасторконубузду толукташы керек деп ойлондуӊуз беле?Келиӊиз суроого жооп издеп көрөлү

1 - Январь бардык өлкөдө жаӊы жыл эмес

Дүйнө жүзүндөгү айрым мамлекеттер жаӊы жылды башка күндөрү белгилешет. Мисалы, кытай жана вьетнам эли 21-январдан 21-февралга чейинки аралыкта майрамдашат. Ал эми еврейлер 5-сентябрдан 5-октябрь аралыгында жаӊы жылды тосушат. Иран календары боюнча жашаган мамлекеттерде жаӊы жыл 21-22-март күндөрү келсе (Нооруз-Жаӊы күн), бангладештиктер 14-апрелди жылдын жаӊырган күнү катары белгилешет. Жер жүзүндөгү мамлекеттердин бул майрамга болгон мамилеси канчалык түрдүү болбосун, баары бир расмий түрдө 1-январдан тартып кийинки жылдын саналышы башталат.

Балатынын тарыхы

Алгачкы балаты 1513-жылы Германияда немис реформатору Мартин Лютердин үйүндө жасалгаланган. Ал рождество майрамынын алдында түн ортосунда үйүнө баратып асмандагы жайнап турган жылдыздарга суктанат. Үйүнө барып жылдыздарга окшоштуруп балатыга шамдарды илип көрөт. Алгач балатыны шам, алма, таттуу токочтор менен кооздошчу. Кийинчерээк пахта, кагаз, айнектен жасалган оюнчуктарга кезек келген. Орусияга бул салт император Пётр Iдин убагында келген. Ал жаӊы жыл астында көчөлөргө ийне жалбырактуу дарактарды кооздоп орноткула деп буйрук берет. Ошондон тарта балаты рождество майрамына карата гана эмес, жаӊы жылдын урматына да жасалгалана баштайт.Кыргызстанда алгачкы коомдук балаты 1895-жылы 28-декабрда Бишкек шаарында (Пишпек) жасалгаланган. Кийинчерээк Ленин «балаты жасалгалоо – буржуаздык өнөр» деп бул нерсеге тыюу салат. Жаӊы жылдык балатыга экинчи өмүрдү 1930-1935-жылдары Иосиф Сталин «Балдарга жомокту кайтарып берүү керек» деген ураан менен кайтарып берген. 1947-жылдан тарта 1-январь расмий түрдө календардагы кызыл күнгө айланган.

Аяз ата жана аяз кыз тарыхы

Алгач жарыкка Аяз ата келген. Айрым өлкөлөрдө аны эргежээлден келип чыккан дешсе, айрымдар оюнчук саткан чалдын образынан жаралганын айтышат. Эӊ биринчи Аяз ата тон кийген киши болсо, кийин анын колуна мор тазалоочу таякча карматып (мор аркылуу белектерин таштап кетет деген уламыштан улам), ак жакалуу кызыл тон кийгизилет. Анын бул образына америкалыктар сакал кошушса, англиялыктар колуна белек салынган мүшөктү карматышкан. Аяз кыз – орустардын ойлоп тапкан каарманы. Анын жаралышы 1935-жылга туура келет.

Шампан ачуу тарыхы

Бул ичимдикти жаӊы жыл майрамында ачуу орус ханышалары Елизавета I жана Елизавета IIнин башкаруу мезгилинде пайда болгон салт дешет. Алардын 15 миӊден ашык адамдын катышуусунда уюштурган жаӊы жылдык кечелери тууралуу көп айтылат. Мына ошондой эстен кеткис майрамдоолордун биринде шампан ичүү пайда болгон.

Фейервек

Көпчүлүк салют менен фейерверкти бир нерсе деп билишет. Бирок экөө эки башка. * Салют бул – артиллериялык куралдан куру дүрмөт менен салтанаттуу аттыруу.

  • '"Фейерверк – пиротехникалык курамды күйгүзгөндөн келип чыкчу декоративдүү оттор.

Фейерверктин мекени – Кытай, ал биздин доордун XII кылымында жаралган. Орустарга бул нерсе 1675-жылдары жеткен. Ошол эле учурда Пётр I эски жылдын акыркы күнү фейерверктерди аттырып майрамдоону элге таратат. Бенгаль шамы Алгачкы бенгаль шамы Индиянын Бенгалия провинциясында коопсуздукту сактоо иретинде күйгүзүлүүчү белги катары колдонулган. Аталышы дагы ошол жердин атынан.

Оливье салаты

Аталган даамды франциялык ашпозчу Люсьен Оливье ойлоп тапкан. Анын рецебинде салатка колбаса кошулган эмес. Бул орустардын кошумчасы. Чындыгында, салаттын жаӊы жылга тиешеси жок, жөн гана убакыттын өтүшү менен кенен жайылып, салтка айланып калган.

Кыргызстанда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда Жаңы жылды жалган куран (март) айынын 21де күн менен түнднүн теңдешүүсүндө майрамдашат.

Ал эми 1-январда Жаңы жылды белгилөөнү кыргыздар Кыргызстанга орустар басып келгенден баштап (өзгөчө совет доорунан тартып) майрамдап калышкан.

Жаңы жылда кадимкидей эле балатыны кооздоп, улуттук тамактарды даярдап үй бүлө менен кече уюштурушат.

Кеченин башкы коногу Аяз Ата. Үчтүн айынын 1-7 чейин КМШ өлкөлөрүндөй эле эс алуу күндөрү.Ал куну бардыгы жыргашат.Бирок мусулмандар Жаны жылды майрам деп ойлобойт

Дүйнөдө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ар кайсы өлкөнүн өзүнүн Аяз Атасы бар

Өлкө Аяз атанын аталышы
 Кыргызстан Аяз ата
 Швеция Юль Томтен
 Англия Фазер Крисмас
 Финляндия Жулупукки
 Кытай Дун Че Лао Рен
 Италия Ла Бефана
 Түркия Ноэль баба
 АКШ Санта Клаус
 Орусия Дед мороз
  1. Кыргызстан – Аяз ата
  2. Швецияда – Юль Томтен
  3. Англияда – Фазер Крисмас
  4. Финляндияда – Жулупукки
  5. Кытайда – Дун Че Лао Рен
  6. Италияда – Ла Бефана
  7. Түркияда – Ноэль баба
  8. Америкада – Санта Клаус

(Ошондой эле ар бир өлкө Жаңы Жылды өзгөчө тосуп алат)

31-декабрдан 1-январга өткөн түндө шотланддар жанына бир кесим таттуу нан, шарап жана бир даана ташкөмүр алып, достору менен жакындарынын үйлөрүн кыдырып чыгышат. Нан менен шарап – токчулуктун, ал эми ташкөмүр – жылуулуктун белгиси. Шотланддар өз колу менен жасаган шамдарды жагып, Жаңы Жыл кирээрде чоор тартышат.

Бекеринен Жапонияны күн чыгыштын өлкөсү деп аташпаса керек. Башка өлкө­лөр­дөн айырмаланып, Жапонияда Жаңы Жылды түнкү саат 12де эмес, таң атып келе жатканда тосушат. Таң атканда жапондуктар бири-бирин куттуктап, “такара бунэ” деп аталган белек тапшырышат. Бул – ичинде күрүч толтурулган кеме түрүндөгү идиш.

Кубалыктар саат 12де шампан ачып ичээрден мурун бокалдарга суу толтурушат да, ал сууну терезеден сыртты көздөй серпишет. Бул – эски жылдын ийгиликтүү, тынч аякташынын белгиси. Ошондой эле суу Кубада актыктын, тазалыктын да символу катары кабыл алынат. Дагы бир салт катары кубалыктар айнек табактарды жерге таштап талкалашат. Ар бир талкаланган айнек үйгө береке алып келет.

Монголияда Жаңы Жыл дагы бир майрам менен катар майрамдалат. Ал – мал чарба майрамы. Ошондуктан, удаа келген эки майрамда жалаң эттен жасалган тамактар даярдалат. Ыр-бийдин ордуна монголдор шамдагайлыгын көрсөтүү үчүн түрдүү спорттук жарышууларды уюштурушат. Монголдордун да өз Аяз Атасы бар. Бирок, ал кызыл-тазыл чапан эмес, териден жасалган чабандын кийимин кийип жүрөт.

Дүйнөдөгү эң романтикалуу Жаңы Жыл Болгарияда тосулат болуш керек. Эң жакын адамдары менен чогулган майрамда саат 12ни көрсөтөөр замат бардык жарыктар туура 3 мүнөткө өчүрүлөт. 3 мүнөт бою караңгыда сүйүшкөндөр эч кимден тартынбай өбүшө алышат. Бул мүнөттөрдү болгарлар “Жаңы Жылдык сүйүү мүнөттөрү” деп аташат. Ал эми жылды сүйүү мүнөт­төрү менен баштаган жуптар жыл бою бактылуу жашашат.

Бул өлкөнүн өкүлдөрү тазалыкты жактырышат. Жаңы Жылда үйлөрүн тазалап чыккандан кийин шыпыргы-калактарды эшиктин алдына таштап коюшат. Ал эми дасторкон үстүндөгү ар түркүн тамактар кү­түлбөгөн белектерге толгон. Тагыраак айтканда, ар бир тамактын ичине акча, шакек, ачкыч же ачуу калемпир сыяктуу нерселерди салып коюшат. “Шакек таап алган адам сөзсүз өз бактысына кезигет, ал эми калемпир жеп алган киши өмүр бою байлыкка бөлөнүп жашап өтөт” деген ишеним бар.

Бул өлкөдө эски жылды узатуу салты бар. Түнкү 12ге аз калганда (өзгөчө жер үйлөрдө) үйдөгү эң улуу кишинин колуна кум саатты, карагайдын сабактарын карматып, эски жылды узатып жаткандай үйдүн арткы эшигин ачып коё беришет. Ал эми саат 12ни урганда алдыңкы эшик ачылып, үйбүлөнүн эң кичинекей мүчөсү Жаңы Жыл болуп кирип келет.

Мында туугандар бири-биринин үйлө­рүн кыдырышат. Алар сөзсүз ичинде бир шампан жана таттуу болгон себет белек кылышат. Саат туура 12ни көрсөткөн маалда ар бир испан 12 даана жүзүмдү жегенге шашылат. Жүзүмдүн данектери жаңы тилектин орундалышына алып келет. Жүзүмдүн ордуна куурулган жумуртка же кургатылган өрүк жесе болот. Себеби, мунун баары алтын тыйындарга окшош.

Мында шампан ордуна бокалдарга эң популярдуу жаңы жылдык суусундук болгон слем ичимдиги куюлат. Ал биздин эле сүттүү кызыл чайга окшош. Мындан сырткары нидерландылыктар эски жыл менен бардык жаманчылык чыгып кетсин дегенсип, эски эмерек, кийим-кечектер, идиш-аяктарды ыргытууга шашылышат. Ал эми 1-январдан тартып жаңы кийим кийүү – жакшы салт.

Бул өлкөдө кызыл өң бакубаттыктын символу болгон үчүн италиялыктарда бири-бирине кызыл түстөгү ич кийим берүү салтка айланган. Албетте, бул салт чоңдор арасында гана тараган. Эң кызыктуусу, Жаңы Жылга аз калганда италиялыктар бирин-бири урушат. Бул салттын “бардык талаш-тартыш эски жылда калып, келе жаткан жылга жаман сөздөр жетпей калсын” деген мааниси бар.

Чоң-кичинеси дебей англиялыктар Аяз Атага белектердин тизмеси жазылган кат жазышат да, аны күйүп жаткан отко салып ийишет. Кат күйүп кетпестен, мор аркылуу учуп чыгып, Аяз Атанын өзүнө бараарына ишенишет. Мындан сырткары, Англияда бири-бирине баасы бирдей болгон белектерди тапшыруу туура деп эсептелинет.

Исландиялык кичинекей бөбөктөр 1-декабрдан 24-декабрга чейин өздөрүн өтө тартиптүү алып жүрүшөт. Себеби, так ушул күндөрдүн биринде күтүлбөгөн жерден Аяз Ата келип, аларды текшерип кетет. Тентектик кылбаган балдар-кыздар Жаңы Жылда каалаган белектерди алышат. Ал эми эң тентек балдарга Аяз Ата жыртык батинке алып келет экен.

Дагы көрүңүз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыскача адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыздар. Он томдук жыйнак / Түзүүчүлөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев. - Бишкек: Учкун, 2004. - Т. 1-10. - ISBN 9967-413-89-1.
  • Кыргыздар. Он төрт томдук жыйнак / Түзүүчүлөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев. - Бишкек: Бийиктик, 2011. - Т. 1-14. - ISBN 978-9967-13-792-9. (Китептин жарыкка чыгышына демөөрчү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Карганбек Самаков.
    * Кыргыздардын улуттук маданияты: Тарых. Маданият. Мурас. Салт-нарк. Боордоштордун маданияты / Түз.: К.Жусупов, Ж.Бакашова, К.Иманалиев, М.К.Өмүрбай уулу; Редактору академик Абдыганы Эркебаев. - Б.: 2012. - 972 б. - ISBN 978-9967-26-570-7.
  • Чоротегин Т.К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын “Дивану лугати-т-турк” сөз жыйнагы: (1072-1077). Жооптуу редактор Өмүркул Караев. – Бишкек: Кыргызстан, 1997. – 169 бет, сүрөт, карта. - (ISBN 5-655-01222-7)
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Кыргыз тарыхы: Энциклопедия / Жооптуу редактор А.Асанканов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2003. – 464 б.: сүрөт. – ISBN 5-89750-150-5.



Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]