Жапония
Жапония (жап. 日本 Нихон, Ниппон), расмий аталышы "Нихон коку", "Ниппон коку"(жап. 日本国) - Түндүк-чыгыш Азиядагы аралчан бир өлкө. Тынчтык мухитинде жайгашкан.
Жапония Жапония аралдар тобундагы (архипелаг) 6852 аралдарда жайгашкан. Эң чоң төрт арал - Хонсю, Хоккайдо, Кюсю жана Сикоку - аралдар тобунун 97% түзөт. Көбүнчө аралдар тоолу жана жарылтоолу (вулканду). Жапониянын эң бийик чокусу Фудзи тоосу - жарылтоо. 145 миллионго чулкулдаган калкы менен Жапония дүйнөдө 10-орундун ээси. Аянты боюнча 62-орунда (377,873 чулкуй чакырым). Чоң Токионун ичинде Токио ордо калаасы жана тегерегидеги конуштар (префектура) кириши, аны (Чоң Токиону) 30 миллиондон ашкан калкы менен дүйнөдөгү эң ири шаарчасы наамына жеткизет. Токионун өзү 47 префектурага бөлүнөт. Жапония бир улутту эл. Калктын 99,4% - жапондор. Мындан тышкары кытайлар, корейлер, америкалыктар бар. Расмий тили - жапон тили. Негизги диндери - синто жана будда диндери.
ИДП (Ички Дүнк Продукция) боюнча Жапония дүйнөдө экинчи орунда. Экспорттун көлөмү боюнча төртүнчү, импорттун көлөмү боюнча бешинчи орунда. Бүгүнкү күндө үнөмдүк (экономикалык) кубаты боюнча 2-орунда.
Мамлекеттин башкаруу системасы - Конституциалык Монархия, мамлекет башчысы Император, өкмөт башчысы премьер-министр. 1947-жылы кабыл алыннан конституция боюнча император — “мамлекет менен калк биримдигинин белгиси”. Ал парламенттин сунушу боюнча өкмөт башчыны дайындайт жана өкмөт башчынын сунушу менен өкмөт мүчөлөрүн, Жогорку соттун төрагасы менен мүчөлөрүн дайындайт же кызмат ордунан чечет. Баш мыйзам боюнча, мамлекет иштерге толугу менен өкмөт башчысы башкарган өкмөт жооп берет.
Жапония - өнүккөн өлкө болгондон соң жашоо денгели да өтө жогору.
Жогорку мыйзам чыгаруучу орган парламент — эки палатадан (өкүлдөр палатасы жана кеңешчилер палатасынан) турат. Улуттук маарекеси Үчтүн айынын 23 (декабрь) (император Акихитоның туулган күнү). Акча белгиси — иен.
Мазмуну |
[оңдоо] Жапония шаарлары
Жапония калкынын бешт бүтүндөн төрт бөлүгү шаарларда жашайт. Жапониянын ичкерирек аймактарында, тоолу аймактары менен авто унаа магистральдары боюнан будда ибадатканаларын, ошондой хауызы менен нақышты таш кондургулары бар чагын саябактарды, сұлтан қамалдарын, шаруалардың сабан менен жабылган шошақ төбе эски үйлерин көрүүгө болот.